Кесиптик бирлик эмне иш аткарат?

Көп кишиде «Кесиптик бирлик эмне үчүн керек?», «Кесиптик бирликтин кереги барбы?», «Ал биздин укуктарыбызды чындап эле коргой алабы?» деген суроолор жаралат. Ал эми айрымдары кесиптик бирликтерди советтик мезгилдеги саркындылар катары эсептеп, азыр мындай уюмдардын бар экендигинен такыр эле кабары жок.

Бирок бул жаңылыш пикир.

Кесиптик бирлик – бул жамааттык эмгек мамилелеринин активдүү субъектиси жана кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы. Кесиптик бирликтерге биригүү укугу, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары менен функциялары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Эмгек Кодекси, «Жамааттык келишимдер жөнүндө», «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана көптөгөн ченемдик укуктук актылар менен белгиленген. Башкача айтканда, маанилүү ченемдик-укуктук база кесиптик бирликтердин ыйгарым укуктарын белгилейт жана ишмердүүлүгүн жөнгө салат.

Көп берилүүчү суроолор

1Иш берүүчү кызматкерге эмгекке жарамсыздык (сыркоо) баракчасын төлөбөй коё алабы?
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин «Эмгекке убактылуу жарабай калганда кызматкерге берилүүчү кепилдиктер» №194-беренесине жана КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 Токтому менен бекитилген «Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун 21-пунктуна ылайык: «Иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган кызматкер эмгектик мамиле пайда болгон күндөн тартып эмгектик мамиле аяктаган күнгө чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга укуктуу». Демек, иш берүүчү кызматкерге эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча акы төлөп берүүгө милдеттүү.
2Уюмда бир жылдан ашык иштедим. Иш берүүчү акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүгө чыгаруудан баш тарта алабы?
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 116-беренесине ылайык, «Кызматкерлерге жумуш (кызмат оруну) ордун жана орточо эмгек акысын сактоо менен ар жылдык өргүү берилет» жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 129-беренесине ылайык, «Жыл сайын төлөнүүчү өргүү төлөнбөгөн учурда кызматкер өргүүгө чыкпаган баардык жылдар үчүн аны пайдалануу же акчалай компенсация алуу укугун жоготпойт».
3Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнүн колдонулбаган күндөрү үчүн компенсация кандай эсептелет?
Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнүн колдонулбаган күндөрү үчүн компенсация төлөмдөрүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 159-беренесинин 5-пунктуна ылайык эсептелет: «Өргүүлөр жана пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсацияны төлөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы акыркы үч календардык айда эсептелген эмгек акынын суммасын 3кө жана 29,6га (айдагы күндөрдүн календардык орточо саны) бөлүү менен эсептеп чыгарылат.)».
4Бала багуу боюнча өргүүнүн мөөнөтү канча?
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 137-беренесинин 1-пунктуна ылайык, «Кызматкерге арызы боюнча баласы үч жашка чыкканга чейин багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча ал үч жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн өргүү ар кандай убакта жана ар кандай мөөнөткө берилиши мүмкүн».
5Эгер буга чейин кызматкер жумушка аныкталбаган мөөнөткө кабыл алынган болсо, иш берүүчү кызматкерди мөөнөттүү эмгек келишимине өткөрө алабы?
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 55-беренесинин 4-пунктуна ылайык: «Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими кызматкердин макулдугусуз белгилүү бир мөөнөткө кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.»
6Иш берүүчүнүн кызматкерди өз каалоосу менен жумуштан кетүү жөнүндө арыз жазууга мажбурлоого укугу барбы?
Иш берүүчүнүн кызматкерди өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө мажбурлоого укугу жок.
7Кызматкерди жумуштан бошотуп жатканда эмгек китепчесин бербей, аны жарым жылдан кийин берген учурда иш берүүчү кандай жоопкерчилик тартат?
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 65-беренесинин 6-пунктуна ылайык: «Эгер иш берүүчү кызматкерге эмгек китепчесине келишинин зарылдыгы, болбосо аны почта аркылуу жиберүүгө макулдугун берүү жөнүндө почта кабарламасын жибербесе, кызматкерди жумуштан бошотууда иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгек китепчеси өз убагында берилбегендиги үчүн иш берүүчү эмгек китепчесин бербей кармаган ар бир күн үчүн кызматкерге ар күндүк орточо эмгек акысын төлөп берет».

Ошондо кесиптик бирлик эмне иш аткарат?

Кесиптик бирликтердин негизги функцияларына токтоло кетели:

Өкүлчүлүк кылуу – кесиптик бирликтер иш берүүчүнүн, муниципалдык жана мамлекеттик бийлик органдарынын алдында кызматкерлердин кызыкчылыктарын көрсөтөт.

Коргоо – кесиптик бирликтер кызматкерлердин эмгектик укуктарын, алардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргойт.

Көзөмөлдөө – кесиптик бирликтер иш берүүчүнүн эмгек, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ишканадагы жамааттык келишимди жана башка деңгээлдердеги макулдашууларды сактоосуна; эмгек ченемдерин жана өндүрүштүк коопсуздукту сактоосуна коомдук көзөмөл жүргүзүшөт.

Уюштуруу – кызматкерлердин өз укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешип иш-аракет аткаруусуна арналган уюм.

Кесиптик бирликтер жогорудагы функцияларын мыйзамдарда каралган ар түрдүү инструменттерди колдонуу менен ишке ашырышат. Мисалы, жамааттык сүйлөшүүлөргө катышуу жана иш берүүчү менен эмгек жамаатынын өз ара аракеттешүүсүнүн шарттарын, кызматкерлердин жана администрациянын укуктары менен милдеттерин, социалдык пакетти белгилөөчү жамааттык келишимди түзүү иштери аткарат.

Кесиптик бирликтер уюмдун жердик актыларын – ички эмгек тартибин, эмгек акыны төлөө жана сыйакы берүү жөнүндө жобону, жумуш орундарын аттестациядан өткөрүү жөнүндө жоболорду, эмгекти коргоо боюнча нускаманы иштеп чыгууга жана макулдашууга катышышат.

Мындан тышкары, көп учурда эмгекчилердин өкүлдөрү мыйзам жаратуу ишине катышып, эмгекчилердин абалын жакшыртууга багытталган мыйзам актыларын даярдоо жана сүрөмөлөө милдеттерин аткарышат.

Кесиптик бирликтер иш берүүчү тарабынан эмгек мыйзамдарынын, айрыкча эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына коомдук көзөмөл жүргүзүшөт. Бул үчүн тармактык кесиптик бирликтерде мамлекеттик көзөмөл органдары менен бирдей ыйгарым укуктарга ээ укуктук жана техникалык эмгек инспекциялары түзүлөт. Ошондой эле уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин деңгээлинде эмгекти коргоо боюнча коомдук инспекторлор бар.

Кесиптик бирликтер өздөрүнүн жумушчу органдары аркылуу кызматкерлерди окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, жумуштан бошоп жаткан кызматкерлерди же студенттерди жумушка орноштуруу процесстерине катышат.

Иш берүүчүлөргө өндүрүштү башкарууга көмөктөшүү – кесиптик бирликтердин ишмердүүлүк багыттарынын бири. Бул үчүн кызматкерлердин өкүлдөрү уюмдардын башкаруу органдарынын (Директорлор кеңеши, Башкаруу, Байкоочу кеңеш) курамына кирет, ошондой эле өндүрүштүк кеңештерге, ар кандай комиссияларга мүчө болушат.

Албетте, кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүнүн кошумча багыттары да бар. Алар: уюштуруу, ден соолукту чыңдоо, спорттук жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү.

Кесиптик бирлик – бул сиз үчүн корголгон, жайлуу жана татыктуу эмгекти камсыздоого жардам берген инструмент!

 

Социалдык-эмгектик мамилелерди изилдөө борбору