Жумушчуларды социалдык коргоо системасында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын ишинде эмгекти коргоо өзгөчө орунду ээлейт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы 2022-жылдын 28-апрелинде эмгек, эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын жана эмгек укугунун ченемдери камтылган башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына мамлекеттик жана коомдук көзөмөл жүргүзүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө эки тараптуу Макулдашууга кол коюшкан.  Бул Министрликке караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы  менен Кыргызстан кесиптик бирликтеринин Техникалык жана укуктук эмгек инспекциясынын ортосунда жакын кызматташтыктын түзүлүшү үчүн негиз боло алды.

Техникалык инспекторлордун иштери боюнча маалыматтар:

2024-жылдын он бир айынын ичинде ККБФ:
2

аялдардын катышуусу менен

66

жабыркагандар

33

өлүм менен аяктаган

61

кырсык окуяларын иликтеп чыкты

Техникалык эмгек инспекциясы кесиптик бирликтин иш берүүчүлөрдүн эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоосун кесиптик бирликтердин коомдук көзөмөлүн ишке ашыруу максатында түзүлгөн ыйгарым укуктуу органы болуп саналат жана  өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамына, «Кыргызстан кесиптик бирликтеринин техникалык эмгек инспекциясы жөнүндө» Жобого жана ККБФ эмгек инспекторлорунун Кызматтык нускамаларына ылайык жүргүзөт.

ККБФ Техникалык эмгек инспекциясы тийиштүү кесиптик бирлик органдарынын карамагындагы өз ишмердүүлүгүн «Кыргызстан кесиптик бирликтеринин техникалык эмгек инспекциясы жөнүндө» 05.09.2017-жылдагы №42-3 Жобого ылайык жүргүзгөн, өз алдынча, өздөрүнүн инспекцияларынын ишин уюштуруу боюнча чечимдерди кабыл алган, түзүмүн, штаттык кызматкерлеринин санын, кызмат акыларына кошумча акынын өлчөмүн жана социалдык-тиричилик камсыздоосунун түрлөрүн белгилеген, алардын тармактын өзгөчөлүгүнө жараша өздөрүнө жүктөлгөн функцияларын аткаруу боюнча укуктары менен милдеттерин конкреттештирген республикалык тармактык техникалык эмгек инспекцияларынын ишмердүүлүгүн координациялайт.

Тармактык принципке негизделген Кыргызстан кесиптик бирликтеринин техникалык эмгек инспекциясы өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

ККБФ техникалык инспекциясында:

6

Техникалык инспекторлор

2

Укуктук инспекторлор

6

КР аймактарындагы техникалык инспекторлор

4

КР аймактарындагы укуктук инспекторлор

17

ККБФга мүчө уюмдардагы техникалык инспекторлор
ohrana-truda-min
Мамлекеттик көзөмөл органдары менен активдүү өз ара аракеттешүү менен коопсуз жана туура эмгек шарттарынын сакталышына коомдук көзөмөл жүргүзөт, алардын уюмдар менен мекемелердин жамааттык келишимдеринде толук чагылдырылышына көмөктөшөт. Техникалык эмгек инспекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун инвентаризациялоонун алкагында жүргүзүлгөн социалдык мүнөздөгү мыйзам чыгаруу базасын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга активдүү катышканын жана аны Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясына тапшырып турганын белгилей кетүү зарыл. Техникалык эмгек инспекциясы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин басымдуу бөлүгү эмгекчилердин эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү эмгек укуктарынын сакталышына байланыштуу арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карап чыгуу менен байланыштуу. Алты айдын ичинде инспекция жазуу жүзүндөгү 177 кайрылууну карап чыгып, 80 000 000 сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтуруу боюнча эсептешүүлөрдү ишке ашырды.

Техникалык эмгек инспекциясынын негизги милдеттери:

Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо
Жумуш орундарында эмгекти жана эмгек шарттарын коргоо боюнча эрежелер менен ченемдердин бузулушун аныктоо жана алдын алуу
Мыйзамдарда каралган инспектордук текшерүү чараларын көрүү
Мамлекеттик таасир этүү боюнча тийиштүү чаралардын көрүлүшү үчүн бузуулар, кызматтык абалды кыянаттык менен пайдалануу же аракетсиздик фактылары тууралуу мамлекеттик органдарга билдирүү
Белгиленген тартипте өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүүгө катышуу, алардын себептерин талдоо, мындай окуялардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
Кесиптик бирликтин мүчөлөрүн эмгек мыйзамдарынын жоболорун сактоо боюнча маалымат менен камсыз кылуу
Эмгекти коргоо мыйзамынын жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөө

Документтер

Укук коргоо иши

parallax background

ККБФ ишмердүүлүгүнүн укук коргоо жаатындагы ишинин башкы максаты болуп, кесиптик бирликтерге жана кесиптик бирлик уюмдарына мүчө жумушчулардын эмгек укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, эмгек укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бекемдөө эсептелет.

Сиздин көйгөйүңүздү кесиптик бирликтин укуктук инспекторлору чечип беришет:

  • Акысыз юридикалык жардам

  • Эмгек маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү

  • Жумуштан мыйзамсыз бошотулгандан кийин мурунку кызматына кайра коюу

  • Иш берүүчүдөн эмгек акысын төлөө боюнча карызды өндүрүп берүү

  • Дисциплинардык жаза чарасы мыйзамсыз колдонулган учурда жумушчунун укуктарын коргоо

  • Сотто өкүлчүлүк кылуу

  • Сотко доо арыз даярдап беребиз

  • Укуктук коргоо линиясын аныктайбыз

  • Онлайн-консультация

  • Доо арызга, апелляциялык даттанууга же апелляциялык протестке каршылык даярдап беребиз

  • Биз сиздин убактыңыз менен акчаңызды үнөмдөйбүз (кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө гана)

  • Процесстик документтерди даярдоо

  • Прокуратурага кайрылуу

  • Иш берүүчүгө арыз жазууга жардам берүү

  • ККБФ аймактык укуктук инспекторлору менен биргелешкен иш-аракет

  • Кыргыз Республикасынын 7 аймагында укуктук колдоо көрсөтүү

  • Жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтөбүз, кесиптик бирликтерге мүчө жумушчулардын өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде эмгек мыйзамдарынын системасы боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдары менен өз ара аракеттешүүсүн уюштурабыз.