Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы — Кыргыз Республикасындагы эң ири коомдук-укуктук уюм болуп саналат. Федерация өлкө боюнча 500 миңден ашуун эмгекчилерди бириктирет.

Федерациянын негизги миссиясы — профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. Себеби эмгекчилер көп учурда иш берүүчү менен жалгыз калышат, ушундай учурларда профсоюздар алардын укуктарын коргоп, күчтөрдүн тең салмактуулугун камсыз кылууга жардам берет.

ККБФтин эң маанилүү жетишкендиктеринин бири — социалдык өнөктөштүк системасы. Федерация Министрлер Кабинети жана иш берүүчүлөр менен биргеликте кыргызстандыктардын жашоо деңгээлине, эмгек акы жана эмгекти коргоо маселелерине, мамлекеттик кепилдиктерди камсыздоого, жумуш менен камсыздоо жана социалдык коргоо суроолоруна байланышкан маселелерди чечип келет.

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларын ратификациялоону демилгелейт, миңдеген кызматкерлерге акысыз юридикалык жардам көрсөтөт жана зарыл болгон учурда алардын кызыкчылыктарын сотто коргойт.

Федерациянын жогорку органы — Кеңеш болуп саналат. Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы — Жумадилде уулу Мурадил.