Алтын юбилей майрам жана маанилүү учур гана эмес, бул – эң эле биринчи кезекте жаңы бийиктиктер көрүнүп турган чоку, өтмүшкө кайрылуу, бүгүнкү күн жана келечек үчүн мыктыларды тандап алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
        Өтмүшкө көз чаптырсак, кесиптик бирликтердин убакыттын сыноосунан  жана бир ирет туруктуулук сынагынан өткөнүн көрө алабыз. Ал эми алардын узак жашоосунун “сыры” тарыхый абал канчалык өзгөрсө да, кесиптик бирликтердин башкы камкордугу эмгекчилердин мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселеси болуп келгенинде.  
      Мындай тыянакты айрым тарыхый мисалдар менен далилдеп көрсөтүүгө уруксат этиңиздер.
Кыргызстандын кесиптик бирликтеринин ишмердүүлүгүнүн жүз жылдык мезгилин бүгүнкү күндө шарттуу түрдө өлкөнүн өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык шарттары менен аныкталган үч негизги мезгилге бөлсөк болот.

Биринчиси –  бул 1905-жылдан 1917-жылга чейинки мезгил. Кыргызстандын кесиптик бирликтер кыймылы XX кылымдын баштарында пайда болуп, Россия империясынын эмгекчилеринин өздөрүнүн социалдык-саясий жана экономикалык укуктары үчүн күрөшүү тарыхы, 1917-жылдын октябрына чейин жайгашкан орду менен тыгыз байланышта. Республиканын азыркы жайгашкан жеринде ал учурда алгачкы капитализмдин элементтери камтылган патриархалдык-феодалдык мамилелер үстөмдүк кылган.

Оор турмуштук шарттар жана жакырчылык калктын калың катмарын жашоо үчүн күрөшүүгө түрткөн. Саны аз экендигине карабастан, жалданма жумушчулар россиялык пролетариаттан үлгү алып, падышалыкка жана жергиликтүү эзүүчүлөргө каршы бириге башташкан. Мына ушундай жагдайларда 1905-жылы Кызыл-Кыя кенинде алгачкы кесиптик бирлик уюму пайда болгон. Бирликке ай сайын жалпы кассага төгүмдөрдү төлөп, ушундайча муктаждарга жардам берүүнү чечкен жумушчулардын чакан тобу кирген. Бирок эң башкысы – уюм ошол эле учурда алдына эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн күрөшүү милдетин да койгон. 1905-жылдын жаз айларында Кызыл-Кыя менен Сүлүктүнүн жумушчулары 8 сааттык жумуш күнүн белгилөө жана эмгек акысын көбөйтүү, айыппулдарды жоюу, ченемден ашык иштетүүнү кыскартуу, ошондой эле сөз, жыйналыш эркиндиги боюнча талаптар менен забастовкаларды өткөрүшкөн. Шахтерлордун артынан жакын жерлердеги тоо-кен жана өндүрүш ишканаларынын жумушчулары да забастовкаларга чыгышкан. Мурунку стиль боюнча 18-апрелде (1-майда) Азаттык күнү белгиленген. Ал учурда Азаттык күнү деп аталган 1-май Ош, Пишпек шаарларында, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү кендеринде митингдерди жана манифестацияларды өткөрүү менен белгиленген. 
Бирок, белгилүү болгондой, 1905-1907-жылдардагы буржуазиялык-демократиялык төңкөрүш ийгиликтүү болбой калгандан кийин, Россияда реакция кылуу жана жумушчулар кыймылын массалык куугунтуктоо мезгили башталып, мындай абал биздин жерибизге да терс таасирин тийгизген. Ошентсе да кесиптик бирликтер күрөшүн токтоткон жок. Сүлүктү менен Кызыл-Кыянын жумушчулары 1910, 1912, 1914-жылдары массалык забастовкаларга чыгып, жерлердин баарында жумушчулар жана дыйкандардын арасында алардын жашоо шарттарынын жакшыртылышы үчүн агитациялык-үгүттөө акцияларын өткөрүшкөн. 
Өз укуктарын коргоо үчүн күрөшүүдө бири-бирин колдоо боюнча алгачкы тажрыйба мына ушундайча алынган. Кесиптик бирликтерди уюштурууга Россиядагы февраль революциясы жаңы импульс берген.  1917-жылдын жаз жана жай айларында крайдын тоо жумушчуларынын «Горнорабочий» кесиптик бирлиги, Пишпек  «Жумушчулар жана кол өнөрчүлөр союзу», Ош шаарында Чүй мугалимдер, жумушчулар жана чайрикерлер (жалданма кедейлер) уюмунун союздары, Пишпек уездинин Союз «Букара» кедейлер бирикмеси жана башкалар түзүлгөн.  


Экинчи мезгил Совет бийлигинин учурунда кесиптик бирликтер Коммунисттик партиянын түздөн-түз жетекчилиги астында иштеген өнүгүү мезгилине туура келет.


1918-1919-жылдары бардык уезддерде кесиптик бирликтер пайда боло баштаган. Өндүрүштүк принциптин негизинде түзүлгөн алгачкы ири кесиптик бирликтердин катарына куруучулардын, тоодо иштеген металлисттердин, басуучулардын, транспортчулардын, булгаарычылардын, тикмечилердин, агартуу кызматкерлеринин, почта жана телеграф, медициналык-санитардык эмгек, жер жана токой кызматкерлеринин бирликтери кирген.   1920-жылдын баштарында аталган бирликтердин катарында 10300 киши болгон. Кесиптик бирликтердин коомдогу орду октябрь революциясынан кийин бүтүндөй коомдук-саясий жашоону башкаруу укугун ээлеп алган жана кесиптик бирликтерге калың элдин катмарында жардамчынын жана колдоочунун ролун ыйгарган КПССтин саясаты катары сыпатталган.  


Партияга толугу менен баш ийгенине карабастан, кесиптик бирликтердин ролунун мындайча сыпатталышы аларга мамлекеттик жана коомдук иштерди башкаруу, эмгекчилердин кызыкчылыктарына байланыштуу өтө маанилүү маселелерди чечүү укуктарын берген.


Бул укуктардан пайдаланып, Кыргызстандын кесиптик бирликтери 1918-1925-жылдары Совет бийлигинин курулушу жана бекемдеши үчүн күрөшүүгө, чет өлкөлүк интервенттерди кыйратууга, Орто Азиядагы ички  контрреволюцияга, эл чарбасын калыбына келтирүүгө активдүү катышып, уюштуруу жана тарбиялоо иштерин жүргүзүү тажрыйбасына ээ болушкан. Бирок республиканын кесиптик бирликтер кыймылынын тарыхындагы эсте каларлык окуя болуп, 1925-жылдын 31-мартынан 3-апрелине чейин өткөн жана  алгачкы бирдиктүү кесиптик бирлик уюму – облустук Кесиптик бирликтердин союзун түзгөн  Кесиптик бирликтерди түзүү съезди эсептелет. Анда автономдук облустун Кесиптик бирликтер союзунун төрагасы болуп, Профсоюздардын бүткүл союздук борбордук кеңешинин (ВЦСАС) ыйгарым укуктуу катчысы москвалык пролетарийлердин катарындагы Мичурин Павел Иванович шайланган.
Кесиптик бирликтердин Облустук кеңешин түзүү мүмкүндүгү жана зарылдыгы эң эле алгач 2024-жылдын 14-октябрында РСФСР курамында Кыргыз автономдук облусунун түзүлүшү жана бул мезгилде өндүрүштүк принциптин негизинде пайда болгон көп сандагы кесиптик бирлик уюмдарынын бар болушу менен байланыштуу.  Натыйжада ар башка жылдарда алардан кесиптик бирликтердин республикалык тармактык комитеттери пайда болгон. Биринчи съездде өндүрүшкө жана кесиптик кыймылга эмгекчилерди, өзгөчө жергиликтүү улуттагы жумушчуларды тартуунун, өндүрүштүк кеңешмелердин ишмердүүлүгүн активдештирүүнүн, маданий-тарбиялык иштерди күчөтүүнүн, кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн жана чоң кишилердин арасында сабатсыздыкты жоюу үчүн күрөшүүнүн, эмгекчилердин эл аралык тилектештигин чыңдоонун зарылдыгы белгиленген.
1992-жылы Кыргыз АССРдин түзүлүшү менен, облустук Кеңеш Республикалык кесиптик бирликтер кеңешине өзгөртүлүп түзүлгөн.


Бүгүнкү күндө, тарых барактарын барактап отуруп, кесиптик бирликтер менен сыймыктана алабыз. Алар өлкөнүн түйшүктөрүнөн, эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоодон эч качан качкан эмес.


Индустриялаштыруу жылдарында кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгү «Өндүрүшкө карай» урааны менен курулуп, жумушчу кадрларды түзүү жана даярдап чыгуу боюнча маселелерди чечүүгө, жумушчу кадрларды даярдап чыгуу, эл чарбасынын түрдүү тармактарынын жумушчуларын даярдап чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды ачууга, өндүрүштүн өзүндө окутуп-үйрөтүүгө, жумушчуларды эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана үнөмдөө үчүн күрөшүүгө мобилизациялоого жардам берген.

 
Отузунчу-кыркынчы жылдары кесиптик бирликтердин назары негизинен социалисттик жарышты жана эпкиндүүлөр кыймылын, массалык-өндүрүштүк жана маданий-агартуу иштерин уюштуруу иштерине, ошондой эле командалык-өндүрүштүк жана инженердик-техникалык кадрларды, квалификациялуу кадрларды даярдап чыгууга жана аларды илгерилетүүгө, сабатсыздыкты жоюуга бурулган.
Ошол эле мезгилде кесиптик бирликтер эмгекчилердин таланттуу өкүлдөрүн аныктап чыгууга жана аларды талапкерликке көрсөтүүгө көмөктөшкөн. 1939-жылдын мартынан 1940-жылдын мартына чейин эле республикадан көбүнчө алдыңкы катардагы жумушчулардын ичинен 1500 жумушчу партиялык советтик, комсомолдук жана кесиптик бирлик иштерине талапкер катары көрсөтүлгөн. Мунун көрүнүктүү мисалы болуп, Кыргызстандын тарыхындагы Төрөбай Кулатовдун жашоосу жана ишмердиги эсептелет. Кембагал дыйкандын уулу бала чагынан эле батрактын оор турмушу менен тааныш болгон, он жыл темир жолдун курулушунда жана Кызыл-Кыя шахтасында иштеген. Кесиптик бирлик жана чарба иши боюнча алгачкы тажрыйбага мына ушул жерлерден ээ болгон. 1937-жылы СССРдин Жогорку советинин депутаты, 1938-жылдын июль айында, т.а. 30 жашында – Кыргыз ССРнин Элдик комиссарлар советинин төрагасы болуп шайланат, ал эми 1947-жылдан 1978-жылга чейин республиканын Жогорку Советинин  Президиумунун төрагасы болуп эмгектенген.   Бийликтин эң жогорку эталондорунда 40 жыл – уникалдуу окуя, анын үстүнө дал ушул жылдар тарыхтагы эң оор мезгил болуп саналат.
Улуу Ата мекендик согуш жылдарында республиканын кесиптик бирликтери өз ишмердүүлүгүн бүтүндөй фронттун кызыкчылыгына, аскерлерди ок-дарылар, кийим-кече, азык-түлүк менен жабдуу маселелерине арнап, ишканаларды согуштук кырдаалда кайра курууга, республикага көчүрүлгөн ишканаларды жайгаштырууга, жумушчуларды даярдоого катышкан. Алар душман басып алган аймактардан эвакуацияланган жарандарды жайгаштырууга, аскер бөлүктөрүнө жана госпиталдарга шефтик кылууга түздөн-түз катышкан.  


Согуштан кийинки жылдарда экономиканы тынчтыктын нугуна өткөрүүгө, 4 (1946-5) жана 5 (1951-55) жылдык пландарды аткарууга, жумушчулар менен кызматкерлердин материалдык жана маданий деңгээлдерин жогорулатууга көмөктөшкөн. Мындай жагдайда V съездден 26 жыл өткөн соң, 1958-жылдын июнь айында согуштан кийинки алгачкы, бирок кезеги боюнча алтынчы съезд өтүп, анда кесиптик бирликтердин 287.1 миң мүчөсүнүн кызыкчылыктары корголгон.  
 Андан кийин 1987-жылга чейин съезддер Уставда белгиленген мөөнөттөрдө үзгүлтүксүз өткөрүлүп турган. Бул мезгил кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүндө алардын укуктарынын жана элдин коомдук-саясий жашоосуна таасиринин кеңейтилгендиги менен белгилүү. Ошол эле учурда алар коомдун административдик-командалык системасына туруктуу бекитилген коомдук-мамлекеттик уюмга айланган. Кыймылдаткыч күчтүн ролун аткаруу менен, алар партия берген тапшырмалардын баарын – социалисттик жарышты уюштуруудан, чарбалык эсептешүүнү жайылтуудан тарта турак-жайларды бөлүштүрүүгө чейин иш алып барышкан. Кесиптик бирликтер көп күчү менен каражатын эмгекчилердин саламаттыгын сактоого жумшашкан.
Карамагында бир нөөмөттө 2.3 миңге жакын киши дарыланган 5 курорт, ушунча эле орундуу 4 эс алуу үйү болгон.

Кесиптик бирликтердин санаторийлери менен эс алуу үйлөрүнө жеңилдетилип берилген жолдомолор менен бир жылда 95 миңден ашуун киши дарыланып, эс алган. Ал эми 29 санаториялык профилакторийде жумуш нөөмөтүнөн кийин 31 миң киши ден соолугун чыңдап турган. 

         Республиканын кесиптик бирликтеринин ишмердүүлүгүндөгү бурулуш учуру болуп, 1990-жылдын октябрь айында өткөн XVI съезд эсептелет. Анда Кыргыз республикалык кесиптик бирликтер союзун жоюп, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Мына ошол учурдан тарта өлкөнүн кесиптик бирликтер кыймылынын өнүгүүсүнүн үчүнчү мезгили башталды деп айтса туура болот.   
  Бул жөн гана көрнөктү алмаштыруу болгон жок. Аталган мезгилден тартып Кесиптик бирликтер федерациясы жаңы Уставга ылайык мамлекеттик, чарбалык башкаруу органдарынан, саясий жана коомдук уюмдар менен кыймылдардан көз карандысыз эмгекчилердин кесиптик уюмдарынын ыктыярдуу бирикмесине айланды. Соңку окуялар   кеиптик бирликтер тарабынан өлкөдө кесиптик кыймылды башкаруу жана уюштуруу формаларын кайра түзүүдөгү объективдүү туура багыт иштелип чыкканын көрсөттү.
  10 айдан кийин 1991-жылдын август айында өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болуп, демократиялык мамлекет куруу жана рыноктук экономиканын жолунда өнүгө баштады. Калктын жашоо көндүмдөрүнүн түп-тамырынан өзгөрүшү, жаңы экономикалык, өндүрүштүк жана эмгек мамилелери өлкөнүн кесиптик бирликтер кыймылынын алдына жагдайга жараша чечүүнү талап кылган оор милдеттерди койду, ички туюмга таянып иш-аракет аткаруу, жаңы реалийлерге, айрыкча 1991-1997-жылдардагы абалдарга ыңгайлашуу зырылдыгы келип чыкты. Азыркы учурда кесиптик бирликтер акырындап рыноктук мамилелерге адаптацияланып, социалдык институт катары эмгек уюмдарында макамын бекемдөөгө аракет жумшоодо, жумушчулардын жамааттык кызыкчылыктарын коргой билген күчтүү жана беделдүү агенттин милдетин аткарууда.  Жалданма жумушчунун эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын коргоо – кесиптик бирликтердин негизги функциясына айланды жана ал төмөнкүдөй багыттарда ишке ашырылат:
       – Жумушчулардын эмгектик жана социалдык кепилдиктерин мыйзамдарда бекитүү максатында укук жаратуу иши жана мыйзам долбоорлорун Парламентте жана Өкмөттө сүрөмөлөө;

        – Трипартизм принциптеринин негизинде социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүү:

– Ишканаларда жана уюмдарда эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө;

– Кесиптик бирликтердин кадрларынын укук жаатындагы билим деңгээлдерин жогорулатуу, кесиптик бирлик активине жана жумушчуларга жеке кабыл алуунун жүрүшүндө жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу алардын эмгек укугунун ченемдерин түшүндүрүп берүү;

-Соттордо жарандардын укуктарын коргоо.


Кесиптик бирликтердин өз милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мамлекеттик органдар менен кесиптик бирликтердин түздөн-түз катышуусу менен кабыл алынган КР Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын «Эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө», «Эмгекти коргоо жөнүндө» жана «Жамааттык келишимдер жөнүндө» мыйзамдары жана, албетте, «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамы жардам берет. Аталган мыйзам чыгаруу актылары кесиптик бирлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн укуктук негизин иш жүзүндө бекиткен.
 Жумушчулардын социалдык-экономикалык жана эмгек кепилдиктерине терс таасирин тийгизе турган мыйзамдардын кабыл алынышына жол бербөө максатында, кесиптик бирлик органдары мыйзам долбоорлорун жана аракеттеги мыйзамдык актыларын экспертизалоонун жана иштеп чыгуунун сапатын жогорулатуунун үстүнөн үзгүлтүксүз иш алып барышат.   Ошол эле учурда кесиптик бирликтердин айрым маселелерде укукка ээ эмес экендиги да айдан ачык көрүнүп турат. Мыйзамдык демилгелери белгилүү бир даражада биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү чектеп турат. Бул маселенин маанилүүлүгү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат жана кесиптик бирликтердин Жогорку Кеңеш, анын депутаттары менен кызматташуусунда кыйла актуалдуу бойдон калууда деп эсептейбиз.  

Бүгүнкү күндө эмгек мыйзамдарынын сакталышын, эмгек акыны өз убагында төлөнүшүн, өлчөмүнүн көбөйтүлүшүн көзөмөлдөө, жумуштуулук жана эмгекти коргоо, жумушчулардын бош убактарын өткөрүшүн уюштуруу маселелери актуалдуу бойдон калууда. 

Кесиптик бирликтер соцалдык-экономикалык саясатка таасир этүүнүн негизги үч рычагына ээ – Өкмөттө жана Парламентте сүрөмөлөө аркылуу, ошондой эле социалдык өнөктөштүк системасы аркылуу.

 Мисалы, 2005-2007-жылдарга кол коюлган макулдашууда Кесиптик бирликтер федерациясы минималдуу эмгек акынын жашоо үчүн зарыл болгон каражаттардын минимумуна чейин жеткирүү боюнча позициясын коргой алган.

Тагыраагы, кесиптик бирлик органдарынын иши бүгүнкү күндө деле эмгектенип жаткан жарандардын муктаждыктарына күн сайын көңүл буруп турууну, эмгек мамилелеринде укук коргоо ишин талап кылган көп кырдуу ишмердүүлүк болуп саналат.


ККБФ дүйнөлүк кесиптик бирликтер кыймылына толук кандуу кошулду. Федерация Кесиптик бирликтердин жалпы конфедерациясынын мүчө уюму.  Эркин кесиптик бирликтердин эл аралык конфедерациясы (МКСП) дүйнөнүн 150 өлкөсүн бириктирип, дүйнөлүк башка кесиптик бирликтердин бирикмелери менен, көп сандагы улуттук кесиптик бирлик борборлору менен алакалары бар.

 
 Бүгүнкү күндө эл аралык кызматташтык – биздин ишмердигибиздин соңку жылдарда калыптанып жана өнүгүп келе жаткан негизги багыттарынын бири. Мисалы, Кесиптик бирликтер федерациясы Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) менен кызматташуунун негизинде «Адам сатууга жана анын мажбурлап иштетүү формасындагы кесепеттерине каршы күрөшүү» «Балдар эмгегине каршы формалдуу эмес экономикада жаштарды ишке орноштуруу аркылуу жакырчылыкты азайтуу» долбоорлорун, Мамлекеттик эмгек инспекциясы менен биргелешип «Айыл чарбасында коопсуздук, эмгек шарттары жана ден соолукту коргоо боюнча окутуу программасын» жана башка социалдык багыттагы көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга катышты. 

Эркин кесиптик бирликтердин эл аралык конфедерациясынын, Глобалдык кесиптик бирлик борборлорунун катышуусу менен кесиптик бирлик органдары ЭЭУнун 182 жана 184 Конвенцияларын илгерилетүү боюнча кесиптик бирликтер кампаниясынын демилгесин көтөрүп чыгышты. Конвенциялардын ратификацияланышы кесиптик бирликтер үчүн да, алардын социалдык өнөктөштөрү үчүн да иш-аракеттердин программаларын иштеп чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Профсоюздардын бүткүл союздук борбордук кеңеши (ВЦСПС) СССР кулагандан кийинки оор мезгилде 1991-жылы Кесиптик бирликтердин жалпы конфедерациясы (КЖК) болуп кайра түзүлдү. Постсоветтик өлкөлөрдүн кесиптик бирликтери белгилүү ыйгарым укуктары менен борбордук уюмун сактап кала алышты. Ошол учурдагы кыраакылыктын натыйжасында бүгүнкү күндө КЖКдан биз эмгек, соцалдык жана экономикалык маселелер боюнча сунуштар, кесиптик бирлик ишинин бардык багыттары боюнча иштердин абалынын аналитикалык жазуулары түрүндөгү жардамдарды алып турабыз. Бул биз үчүн өтө маанилүү. Өзгөчө, алар менен бир туугандык мамилелерибизди сактап, көз карандысыз мамлекеттердин жана алардын кесиптик бирлик органдарынын өнүгүү стадиясында жаралган кыйынчылыктардан чыгуу жолдорун чогуу издегенибиз да чоң мааниге ээ.

 Кыскасы, мамлекеттин көз карандысыздык жылдарындагы анын ишмердүүлүгүндөгү эң маанилүү жетишкендик болуп, кесиптик бирликтердин өздөрүнүн уюмдашуу негиздерин, массалуулугун, тармактык жана аймактык түзүмдөрүн, кадрларын, материалдык базаларын сактап калгандыгы эсептелет. Азыркы учурда 22 тармактык, 6 аймактык жана бир аймактык-региондук бирикмени өз ичине камтыган Федерация бар. Бирикмелерге саны бир миң мүчөнү түзгөн биринчи даражадагы уюмдар кирет.  

Өтмүштү жана бүгүнкү күндү карап отуруп, Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер кеңешин кесипик бирликтер кыймылынын тарыхында из калтырган Догдуров Мухаммед Догдурович, Аламанов Баян Аламанович, Балтагулов Төрөгелди Балтагулович сыяктуу көрүнүктүү инсандар, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жетектеп келгенин сыймыктануу менен айта алабыз. Алардын жаркын элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат.

Алардын ишин Киргизсофпрофтун, андан кийин ККБФнын мурунку төрайымы –  Салиева Батыш Салиевна, төргалары Абакиров Эмилбек Абакирович, Саспеков Сартбай Саспековичтер ийгиликтүү улантышты. Кыргызстан кесиптик бирликтеринин корифейи Дыйкынбаев Качкын Дыйканбаевич өзгөчө ыраазычылык менен эскерүүгө татыктуу. Ал 50 жылга жакын өмүрүн  кесиптик бирликтер системасына арнаган жана көптөгөн лидерлерди тарбиялап чыгарган кесиптик бирликтердин патриоту.
Ал 1996-жылы кесиптик бирлик органдарында эмгектенип жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан, Кыргызстан кесиптик бирликтеринин өнүгүшүнө жана беделине чоң салымын кошкон пенсионер-ветерандарга кам көрүү менен, учурда ийгиликтүү иштеп жаткан ветерандардын кесиптик бирлик кыймылын түзүүнү демилгелеп чыккан.

Кесиптик бирликтер кыймылынын ветерандарына жана бардык аксакалдарга өзгөчө ыраазычылык билдирип кетким келет. Сиздерге чоң рахмат, ден соолукта болуп, көп жашаңыздар, кымбаттуу ветерандар. Бүгүнкү муун Кыргызстан кесиптик бирликтеринин зор иштеринин эстафетасын татыктуу алып барыш үчүн күч-кубаты менен билимин аябай турганына ишендире кетейин.  


Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы өлкөнүн кесиптик бирликтеринин коомдук институттардын катарында көрүнүктүү орунда турган, мамлекеттик органдар жана ишкерлер пикирлери менен эсептешкен жана сый-урматка ээ эң ири бирикмеси болуп саналат. Кесиптик бирликтер ишмердүүлүктүн жаңы шарттарына ийгиликтүү адаптациялана алышты.

Бүгүнкү күндө кесиптик бирликтер жолун туура улантуу, иштин формалары менен ыкмаларын үзгүлтүксүз мыктылоо менен жүрүм-турум жана иш-аракеттеринин багытын өз алдынча аныктай алышат. Кесиптик бирликтер саясий жактан жетилип, республиканын жаңы жетекчилигинин активдүү колдоосуна ээ болгонун, эгемендүү Кыргызстаныбыздын ийгиликтүү өсүп-өнүгүшүнө арналган багыттар менен программаларга ылайык иш алып барып жатканын сыймыктануу менен белгилей кетмекчимин.