
Түзүлүшүнүн тарыхы:
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын (ККБФ) Жаштар кеңеши 2009-жылы ишканаларды өнүктүрүүгө жана эмгек шарттарын жакшыртууга активдүү таасир этүүгө умтулган жаш кызматкерлердин демилгеси менен түзүлгөн. Демилгечи энтузиасттар жаш адистердин өкүлү болуп, алардын кызыкчылыктарын коргой турган органды уюштуруу зарылдыгын аңдап-түшүнүү менен биригишкен. Алгач алар жумуш орундарында процесстерди жакшыртуу, квалификацияны жогорулатуу үчүн иш-чараларды уюштуруу жана тажрыйба алмашуу боюнча идеяларды талкуулоо максатында чогулуп турушкан. Мындай демилгелер жетекчиликтин назарын буруп, натыйжада ККБФ Жаштар кеңеши расмий түзүлгөн.
Жаштар кеңешинин ролу:
Жаштар кеңеши кесиптик бирликтеги жаш адистердин активдүүлүгү үчүн борбордук аянтчага айланды. Кеңеш жаш кызматкерлердин маанилүү долбоорлорго катышууларына, идеяларын сунуштоолоруна жана жумуш чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү демилгелеп чыгууларына мүмкүнчүлүк түзүп берет. Натыйжада жаш кызматкерлер федерациянын деңгээлинде чечимдерди кабыл алууда добушка ээ болсо, ККБФ жаңы идеялар жана келечектин лидерлери менен толукталды.

Максаттар жана милдеттер
Жаш кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо
Жаштар кеңеши жаш кызматкерлер үчүн эмгек шарттарын жакшыртуунун үстүнөн активдүү иш алып барууда. Кеңештин милдеттерине татыктуу эмгек акысы, жумуш орундарындагы коопсуздук, милдеттердин калыс бөлүштүрүлүшү, курагы жана тажрыйбасыздыгы боюнча басмырлоодон коргоо үчүн күрөшүү аракеттери кирет. Жаш адистер көп кабылган убактылуу келишимдердин түзүлүшү, эмгек акысынын төмөндүгү жана социалдык жеңилдиктердин чектелиши сыяктуу жагдайлардан коргоого өзгөчө көңүл бурулат.
Билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу
Жаштар кеңеши жаш кызматкерлердин билимдери менен көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган тренингдерди, семинарларды жана кесиптик билим берүү программаларын уюштуруп турат. Мындан тышкары, кызматкерлердин укуктары жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөш
Жаштар кеңеши бардык кызматкерлер үчүн алардын жынысына, улутуна же социалдык абалына карабастан, бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн камсыздалышын жактайт. Эл аралык уюмдар менен жүргүзүлгөн активдүү кызматташтык мигранттардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана калктын башка аялуу катмарларынын укуктарын коргоого жардам берет.
Жаңы чакырыктарга адаптациялануу
Санариптик технологиялардын өнүгүшү жана экономиканын структурасынын өзгөрүшү менен Жаштар кеңеши өзүнүн жумуштун ийкемдүү жана стандарттуу эмес формаларында эмгектенген кызматкерлердин укуктарын коргоого багытталган стратегияларын активдүү адаптациялоодо. Буга фрилансерлер, өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылгандар жана аралыктан иштеген кызматкерлер үчүн чечимдерди иштеп чыгуу аракеттери кирет.
Жаштар демилгелерин уюштуруу
Жаштар кеңеши социалдык жана маданий иш-чараларды, тилектештик акцияларын жана иш берүүчүлөр менен дискуссияларды уюштуруу аркылуу жаштарды кесиптик бирликтин ишине активдүү катышууга чакырат. Бул демилгелер кесиптик бирлик кыймылын бекемдеп, жаш кызматкерлер үчүн колдоо тармагын түзүүдө.
Эл аралык кызматташтык
Жаштар кеңеши Кесиптик бирликтердин жалпы конфедерациясы (КБК) жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтеринин кеңеши (БАКБК) сыяктуу эл аралык кесиптик бирлик уюмдары менен активдүү кызматташуу жүргүзөт. Бул өнөктөштүк глобалдык деңгээлде тажрыйба алмашууга, орток долбоорлорду өнүктүрүүгө жана жаштардын укуктарын коргоого мүмкүндүк түзүп берүүдө.