Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө» №26 Жарлыгына ылайык, ККБФ менен социалдык өнөктөштөрдүн адистери эмгек мыйзамдарын жеткилең иштеп чыгуу,  мыйзамдарды иштеп чыгуу жана социалдык-эмгек маселелери боюнча мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү иштерине катышкан.

ККБФ өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө», «Эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө», «Жамааттык келишимдер жөнүндө», «Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө», «Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы аймактарда жашап иштегендер үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө» жана башка мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр даярдалып, мамлекеттик органдарга сунушталган. 

КР Башкы прокуратурасына кайрылып, ККБФ айрым мыйзам актыларына толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн киргизилишине, ошондой эле жумушчулардын эмгек укуктарын, өлкөнүн эмгек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн иш берүүчүлөр менен кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин караштырган ченемдер алып салынган мыйзамдардын басымдуу бөлүгүнүн калыбына келтирилишине жетише алды.

ККБФ укуктук талаа форматында мүмкүн болгон бардык формалар менен ыкмаларды колдонуу аркылуу эмгекчилердин укуктук жактан корголушуна өзгөчө көңүл бурат.

Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, көпчүлүк учурда жарандар негизсиз иштен бошотуу жана эмгек акыларды төлөөнүн кечиктирилиши, эмгек өргүүлөрүнүн берилбеши же акчалай компенсациялардын төлөнбөшү, туруктуу кызматта кыска мөөнөттүү эмгек келишимдеринин түзүлүшү, кызматкерди анын макулдугу жок башка жумушка которуу, эмгек келишимин түзбөй туруп жумушка кабыл алуу жана башка себептерге байланыштуу маселелер боюнча кайрылышат.