Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын (ККБФ) ишмердүүлүгүнүн эң маанилүү багыты катары, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн социалдык-эмгектик укуктарын коргоо жана эмгекчилерге укуктук колдоо көрсөтүү аракеттери эсептелет. Себеби, бүгүнкү күндөгү рыноктук шарттарда кызматкерлер жумуштан мыйзамсыз бошотуу, эмгек акыны төлөбөй коюу, КР Эмгек кодексинин ченемдеринин сакталбашы сыяктуу көйгөйлөргө көп кабылып жаткандыгы жалпыга маалым.
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, ККБФ мамлекеттин социалдык жана укуктук саясатынын түрдүү багыттарын ишке ашырууга катышып келет. Өлкөдө үч тараптуу социалдык өнөктөштүктү активдүү колдонгон эмгек мамилелеринин ийкемдүү моделин жаратуу пландалууда.
Социалдык өнөктөштүк – мамлекеттик бийлик органдарынын, Иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин жана кесиптик бирликтердин макулдаштырылган социалдык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү саясатты аныктоодогу жана жүзөгө ашыруудагы өз ара аракеттешүүсү, ошондой эле тараптардын кызматташуусунун параметрлерин мамлекет белгилей турган Иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтердин ортосундагы эки жактуу мамилелер.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮК СИСТЕМАСЫ
Деңгээлдер
Тараптар
Органдар
Инструменттер
Социалдык өнөктөштүк системасынын алкагында ККБФ өкүлдөрү социалдык-экономикалык саясаттын калыптанышына, эмгек жана жумуштуулук рыногуна, эмгек шарттары жана эмгек акыга, кесиптик билим берүү жана окутууга таасир эте турган мыйзамдар менен башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана экспертизадан өткөрүүгө катышкан.
2022-2024-жылдарга Башкы макулдашууну аткаруу максатында ККБФ Эл аралык эмгек уюмунун «Энеликти коргоо жөнүндө» №183 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш алып барууда. Мындан тышкары, ЭЭУнун төмөнкү конвенцияларын ратификациялоо жөнүндө мыйзам чыгаруу актыларын даярдоонун үстүнөн иштеп жатат:
- «Акы төлөнүүчү өргүүлөр жөнүндө» № 132 Конвенция,
- «Ишканада жумушчулардын өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо жана аларга берилген мүмкүнчүлүктөр жөнүндө» №135 Конвенция,
- «Ишкер төлөөгө жөндөмдүү болбогон учурда эмгекчилердин талаптарын коргоо жөнүндө» №173 Конвенция.
ККБФ жыл сайын мүчө уюмдар менен бирге уюмдарда (мекемелерде, ишканаларда) жамааттык келишимдерди түзүү (кайра түзүү) боюнча жамааттык келишим кампаниясын өткөрөт. Жамааттык келишим уюмдун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, эмгек мыйзамдарында белгиленген ченемдер жана жоболорго салыштырмалуу, башка социалдык-эмгектик жеңилдиктерди жана кепилдиктерди камтышы мүмкүн (кошумча өргүүлөр, кызматтык акыга кошумча акы, пенсияга мөөнөтүнөн мурун чыгуу, жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу, кызматкерлердин акысыз тамактануусу же анын жарым-жартылай төлөнүп берилиши, башка жеңилдиктер менен компенсациялар). Кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында жумушчулардын эмгек укуктарын жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча көптөгөн маселелер чечилип жаткандыктан, жылдан жылга жамааттык келишимдердин мааниси артууда.
Кесиптик бирликтер социалдык өнөктөштүктүн сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларына сый-урмат менен мамиле кылуу, алардын кызыкчылыктарын эске алуу жана суроолорду тандоодогу эркиндиги сыяктуу принциптерин жетекчиликке алып, кийинкидей формаларды колдонуу менен, ар убак жумушчулардын кызыкчылыктарын коргойт:
- уюмдардын жетекчилерине эмгек мыйзамдарын бузууларды жоюуга жазма эскертүүлөрдү берүү;
- уюмдардын жетекчилерине жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү жиберүү;
- кесиптик бирлик кызматкерлеринин сотко катышуусу.