
Федерациянын дагы бир артыкчылыктуу багыты болуп, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты чыңдоо жана аларга кайрадан мүчө болуу, ошондой эле мүчө уюмдарды кесиптик бирликтердин эл аралык бирикмелерине кирүүгө мотивациялоо аракеттери эсептелет.
Федерация чет өлкөлүк кесиптик бирлик борборлору: Тажикстандын Көз карандысыз кесиптик бирликтер федерациясы, Өзбекстандын Кесиптик бирликтер федерациясы ж.б. менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койгон.

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын эл аралык жана аймак аралык ишмердүүлүгү кийинкидей негизги милдеттерди аткарууга багытталган:
Чет өлкөлүк кесиптик бирлик борборлорунун тажрыйбаларын эске алуу менен өлкөдөгү кесиптик бирликтердин иш алып баруу тажрыйбасын өркүндөтүү
Башка мамлекеттердин кесиптик бирликтерине эмгекчилердин укуктары үчүн күрөшүү маселесинде колдоо көрсөтүү
Дүйнөлүк кесиптик бирликтер кыймылында Кыргызстандын кесиптик бирликтеринин ролун күчөтүү
2023-жылдын башкы окуялары:
- Москвада өткөн КЖКнын IX Съезди: Кыргызстандан барган делегаттар КЖКнын жетектөөчү органдарына шайланды.
- Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кесиптик бирликтер кеңешинин II Съезди: ККБФ уюмдун толук кандуу мүчөсү болду жана Өзбекстандын кесиптик бирликтери менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.
- ЭЭУ жана Европа комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
- Нур-Султанда жана Алматыда өткөн эл аралык конференциялар: экономикалык кризистен чыгуу жолдорун жана кесиптик бирликтердин санариптик өзгөртүп түзүүдөгү ролун талкуулоо.
- Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жана татыктуу эмгек маселелери боюнча ЭЭУ долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн тренингдер жана семинарлар.