Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Мүлктү башкаруу бөлүмүнүн негизги ишмердүүлүгү
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Мүлктү башкаруу бөлүмү Федерациянын мүлктүк комплексин башкарууда жана анын натыйжалуу колдонулушун камсыздоодо маанилүү функция аткарат. Ишмердүүлүктүн негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
Мүлктү башкаруу
- Федерациянын менчигиндеги бардык кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк объектилеринин жана жер тилкелеринин эсебин жүргүзүү.
- Мүлктү инвентаризациялоону уюштуруу жана өткөрүү.
- Мүлктү колдонуу же сатуу менен байланыштуу бардык бүтүмдөргө укуктук коштоону камсыздоо.
Ресурстарды пайдаланууну оптималдаштыруу
- Мүлктүк комплексти рационалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу.
- Колдонулбай турган объектилерди ижарага берүү боюнча сунуштарды даярдоо.
- Объектилердин бузулушунун жана эскиришинин алдын алуу максатында алардын абалына мониторинг жүргүзүү.
Мүлктүк кызыкчылыктарды коргоо
- Мүлктүк талаш-тартыштарга байланыштуу иштерди укуктук коштоо.
- Федерациянын мыйзамсыз алып же ээлеп коюшкан мүлкүн кайтаруу боюнча иштер.
- Сотто жана башка инстанцияларда Федерациянын кызыкчылыктарын коргоо.
Келишимдер менен иштөө
- Мүлктү ижаралоо, сатуу-сатып алуу, колдонууга берүү жөнүндө келишимдерди иштеп чыгуу, макулдашуу жана түзүү.
- Тараптардын түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерин аткаруусун контролдоо.
Финансы-экономикалык ишмердүүлүк
- Ижарага берилген мүлктөн алынган кирешелерди эсептөө.
- Мүлктүк комплексти кароого жана тейлөөгө бюджеттерди түзүү.
Мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү
- Кыймылсыз мүлккө менчик укугун тариздөө жана кайра каттоо.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер менен жер, объектилерди ижаралоо жана эксплуатациялоо маселелери боюнча кызматташуу.
Ачык-айкындуулукту камсыздоо
- Федерациянын мүлкүнүн колдонулушу жөнүндө отчётторду жарыялоо.
- Объектилерди ижаралоого жана оңдоого ачык тендерлерди уюштуруу.
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Мүлктү башкаруу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү Федерациянын мүлк фондунун сакталышын камсыздоого жана кирешелүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн кызыкчылыгында ресурстарды натыйжалуу башкарууга багытталган.
Караштуу уюмдар
Караштуу уюмдар
Төрага: Директор- Каныбеков Кубанычбек Каныбекович
Факс номери: 0312 34-53-12
Уюмдун дареги: Бишкек, ул. Мессарош 2
Караштуу уюмдар
Төрага: Директор - Курманалиев Канагат Нургазиевич
Уюмдун дареги: Чолпон-Ата ш. Колесникова 8
Караштуу уюмдар
Төрага: Директор - Курманалиев Канагат Нургазиевич
Уюмдун дареги: Каракол ш., ул. Дзержинский 178
Караштуу уюмдар
Төрага: Генеральный директор - Акматов Сталбек Алмазбекович
Телефон: 0312 43-52-52
Электрондук почта: dostukhotel@mail.ru
Уюмдун дареги: Бишкек, ул. Фрунзе шаары 429
Караштуу уюмдар
Төрага: Директор- Аглиулин Эльдар Азатович
Телефон: 0312 66-20-93
Факс номери: 0312 66-03-99
Электрондук почта: kyrgyzkurortturizm@mail.ru
Уюмдун дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 207