2024-жылдын 21-майында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулунун төрагалыгы астында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын жеринде уюштурулган алгачкы отуруму өттү.
Иш-чарага ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев, ККБФ төрагасынын биринчи орун басары Саламат Боёнов, ККБФ төрагасынын орун басары Өмүрбек Шаршеналиев, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын тармактык комитеттеринин төрагалары, кесиптик бирликтин облустук кеңештеринин өкүлдөрү, райондук жана мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери катышты.
Отурумда ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу катышуучуларга Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясында ишке ашырылып жаткан оптимизациялоо жана санариптештирүү процесстери, кайра уюштуруп түзүүдөгү өзгөрүүлөр, эмгектик инспекторлордун санынан артышы, ошондой эле кыска номер боюнча күнү-түнү берилүүчү консультациялар аркылуу жардам алуу мүмкүнчүлүгүнүн жаралгандыгы тууралуу айтып берди.
“Азыркы тапта Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясында болуп жаткан өзгөрүүлөр замандын талабына ылайык ишке ашууда. Кесиптик бирликтер көп убакыт бою өздөрүнүн башкы функциясын аткарбай – эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргобой келген. Азыр биз, Федерациянын жетекчилиги менен ККБФ тармактык комитеттеринин жетекчилери биргелешип жер-жерлерде баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү менен таанышуу, кызматкерлердин көйгөйлөрүн чечүү, ар кандай маселелерди карап чыгуу максатында тийиштүү жерлерге барып, иш-чараларды өткөрө баштадык. Биз сунуштарга ачыкпыз жана мындан ары Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы ушундай форматта иш алып барат”,- деп жыйынтыктады сөзүн Мурадил Джумадилде уулу.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев облустук администрация кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүнө көмөктөшүүгө жана аймактын эмгекчилеринин укуктарын коргоого даяр экендигин билдирди.
Отурумдун катышуучулары ККБФ төрагасы менен тармактык комитеттердин жетекчилерине кызыктырган суроолорун берип, эмгекти коргоо жана эмгекчилердин укуктарын коргоо боюнча актуалдуу темаларды көтөрүп чыгышты. Суроо бергендер суроолоруна жоопторду алып, алардын айрымдары боюнча кесиптик бирликтердин облустук кеңештеринин өкүлдөрүнө тапшырмалар берилди.
ККБФ төрагасы отурумдун аягында кесиптик бирликтердин кызматкерлерин «Кыргызстан кесиптик бирликтерине сиңирген эмгектери үчүн» ККБФ төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйлады.
Белгилей кетчү нерсе, ККБФ төрагасынын жана Кеңештин жер-жерлерде өткөрүлүүчү отурумдары өлкөнүн башка облустарында да улантылмакчы.