Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандыктардын укуктарын коргой турган жаңы тармактык комитет түзүлүп жаткандыгын маалымдайт. Бул кадам Федерациянын Кыргызстандын экономикасына маанилүү өлчөмдө салып кошуп жаткан эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүүгө, алардын социалдык жана эмгектик укуктарын коргоого умтулганын чагылдырып турат.
Бүгүн, 2024-жылдын 20-ноябрында ККБФнын конференц-залында Чет өлкөдө эмгектенгендердин кесиптик бирлигинин Түзүүчүлөр съезди болуп өттү.
Съездге ККБФ төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, Эл аралык миграция уюмунун, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, жумушка орноштуруу боюнча агенттиктердин, эл аралык жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, эксперттер жана мигранттар катышты.
Съезддин катышуучуларына салам жолдоо менен, Мурадил Жумадилде уулу бүгүнкү күндө жүз миңдеген кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдө иштеп, ар кандай кыйынчылыктарга: эмгек укуктарынын бузулушуна, юридикалык коргоонун жоктугуна, социалдык көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилеп кетти. Ушуга байланыштуу, чет өлкөдө эмгектенип жаткан мекендештердин кесиптик бирлигин түзүү абдан маанилүү. Кесиптик бирлик аркылуу жогорудагы көйгөйлөрдү биргелешип чече алабыз. Жарым жыл бою башка өлкөлөрдүн, айрыкча, биздин эмгек мигранттар көп болгон өлкөлөрдүн кесиптик бирликтери менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү багытында иштер жүргүзүлдү.
«Биздин чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиз кыргыз коомунун бир бөлүгүн гана түзбөстөн, өлкөнүн маанилүү экономикалык ресурсу болуп саналат. Бул кесиптик бирликтин түзүлүшү – мигранттардын муктаждыктары менен алар күн сайын туш болуп жаткан чакырыктарга кайтарган жообубуз. Биз алардын эмгек укуктарын коргоо жана эмгек мигрантынын ар бир окуясына натыйжалуу реакция кылуу үчүн колубуздан келген аракеттерди көрөбүз», – деп жыйынтыктады сөзүн ККБФ төрагасы Мурадил Жумадилде уулу.
Катышуучулар, өзгөчө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү, түзүлүп жаткан комитеттин ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолорду узатып, өздөрүнүн реалдуу кейстеринин мисалынан кыргызстандыктардын эмгек укуктарын коргоого байланыштуу сунуштарын киргизишти.
Түзүүчүлөр съездинин жүрүшүндө катышуучулар Чет өлкөдө эмгектенгендердин кесиптик бирлигинин жаңы Уставын бекитип, Бирликтин төрагасын шайлашты. «Чет өлкөдө эмгектенгендердин кесиптик бирлиги» ТКБнын төрагасы болуп, Бакыт Усупбеков шайланды.
Чет өлкөдө эмгектенгендердин кесиптик бирлигинин түзүлүшү жумушчулардын кайсы жерде эмгектенгенине карабастан, алар үчүн социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо жана укуктарын коргоо жолунда маанилүү кадам боло алат. Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы дүйнө жүзү боюнча эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоого умтулуу менен өзүнүн ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүнү уланта бермекчи.