Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу мектеп окуучулары үчүн эмгек укуктары жана жумуш ордунда зомбулукка жол бербөө боюнча жеринде өткөрүлгөн тренингге катышты.
Иш-чара Бишкек шаарынын №19 жалпы билим берүү мектебинде өттү. Тренингге Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева да катышты.
Окуучулар менен саламдашып жатып, Мурадил Джумадилде уулу эрте жаштарда укуктук билимге ээ болуунун маанисин баса белгилеп, анын жаштардын эмгек мамилелерине ишенимдүү кирүүсүн жана өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоосун камсыздай турганын айтты.
«Биз жашап жаткан дүйнөдө жаштар жумушка орношуу көйгөйлөрүнө эрте туш болууда, айрыкча каникул учурунда же жумуштун толук эмес формасында иштегендер көп. Мектеп окуучуларынын көбү өздөрүнүн эмгек укуктары жөнүндө жетиштүү маалыматка ээ эмес. Мындай абал алардын мыйзамдарды бузуп жаткан иш берүүчүлөрдүн алдында алсыздыгын күчөтүүдө. Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы мектеп окуучулары арасында алардын өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргой билүүсүн жана коопсуз шарттарда иштөөсүн камсыздоо максатында укуктук сабаттуулукту жогорулатуунун үстүнөн активдүү иш алып барууда», — деп ККБФнын төрагасы сөзүн жыйынтыктады.
Тренингди ККБФ Жаштар кеңешинин төрайымы Асель Сартпаева алып барды. Ал окуучуларга эмгек укуктары жана аларды коргоонун инструменттери, эмгек мамилелерин жөнгө салган мыйзамдардын негиздери, жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн укуктары, ошондой эле коопсуз жумуш чөйрөсүн жаратуунун мааниси тууралуу айтып берди.
Ошондой эле мектеп окуучуларына алардын эмгек укуктары бузулган учурда, жумуш орундарында ыдык көрсөтүүлөр орун алган учурда кайсы жерге кайрылуу керек экендиги да айтылды.
Тренингге 50дөн ашык окуучу катышып, борбор калаабыздын вице-мэрине жана ККБФнын төрагасына өздөрүн кызыктырган суроолорду активдүү узатып, жеке эмгек практикаларынан реалдуу кейстерди айтып беришти.
Айтылган маалыматты бышыктоо үчүн окуучуларга таанып-билүү мүнөзүндөгү роликтер көрсөтүлүп, кахут оюну өткөрүлдү. Активдүү окуучулар менен оюндун жеңүүчүлөрүнө Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы эсте каларлык белектерди тапшырды.
Ушул сыяктуу жеринде өткөрүлүүчү иш-чаралар Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу катчылык менен Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын ортосунда кол коюлган биргелешкен иш-чаралардын планынын жана «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» кампаниясынын алкагында өткөрүлүп жатканын белгилей кетмекчибиз.