Биз, тегерек столго чогулган Кыргыз Республикасынын кызматкерлери менен жарандарынын кесиптик бирликтеринин өкүлдөрү, бардык жарандар үчүн эмгек укуктарын, социалдык кепилдиктерди жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун маанисин аңдап-түшүнүп, «Зомбулуксуз эмгек үчүн» идеясын колдоо менен кийинкидей резолюцияны кабыл алабыз жана төмөнкүлөргө багытталган иш-аракеттерди аткарууга чакырабыз:
Адам укуктарын колдоо, айрыкча эмгек чөйрөсүндө негизги принциптер менен укуктарды сактоо
Биз эксплуатациясыз жана зомбулуксуз эмгекке укукту кошкондо, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктеринин социалдык жана экономикалык прогресстин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелерин ырастайбыз. Кыргызстанда жумуш орундарында кызматкерлердин укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдерин камсыздоо менен бул укуктардын бардык деңгээлдерде сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Кесиптик бирликтер эмгек укуктарынын сакталышы боюнча мониторингге, жумуш ордунда зомбулук, ыдык көрсөтүү жана басмырлоо көрүнүштөрүн аныктоого жана токтотууга активдүү катышууну улантышы керек.
Инклюзивдүү жана натыйжалуу башкаруу
Эмгек чөйрөсүнүн бардык деңгээлдеринде инклюзивдүү башкаруу саясаты ишке ашырылууга, уюмдардын жетекчилери үчүн тренингдер/семинарлар өткөрүлүүгө тийиш. Биз кызматкерлер менен аларга өкүлчүлүк кылган уюмдардын ишканаларда, мамлекеттик бийлик органдарында жана өлкөнүн экономикалык саясатынын калыптануу процессинде чечимдерди кабыл алуу иш-аракеттерине катышуусун камсыздай турган механизмдердин иштелип чыгышын жана колдонууга киргизилишин колдойбуз. Бул процесстеги кесиптик бирликтердин роду эркин, ачык жамааттык келишүү үчүн шарттарды түзүү жана жамааттык келишимдерге басмырлоого каршы эрежелерди, ички иш тартибинин эрежелерин, этика кодексин киргизүү аркылуу бекемделиши керек.
Өндүрүмдүү жана эркин тандалган жумуштуулукту түзүп берүүчү саясат жана стратегия
Биз эркин тандалган, коопсуз жана өндүрүмдүү жумуштуулук үчүн шарттарды түзүп берүүгө багытталган натыйжалуу саясатты пайда кылуунун зарылдыгын белгилейбиз. Бул саясат эмгек шарттарын жакшыртууга, татыктуу эмгек акысын, коопсуз жумуш орундарын жана социалдык коргоону камсыз кылууга жардам берет. Кесиптик бирликтер кызматкерлерге карата басмырлоонун ар кандай формаларына жол берилбеши үчүн бул стратегияларды иштеп чыгууда жана алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүдө маанилүү роль ойнойт.
Экология жана климаттын өзгөрүшүнө адилеттүү өтүү
Биз туруктуу өнүгүүнүн принциптерин жактайбыз жана экологиялык коркунучтар эске алынган, тармактарда экологиялык жактан коопсуз жумуш орундарынын түзүлүшүн камсыз кылган «жашыл экономикага» өтүүнү колдойбуз. Өтүү процессинде кызматкерлердин эмгек укуктарынын бузулбашы жана зомбулукка, басмырлоого жана эксплуатацияга жол бербөө үчүн шарттарды түзүүнү кошкондо, жаңы жумуш орундарынын адилеттүүлүк жана коопсуздук принциптерине туура келиши абдан маанилүү.
Эмгек жана жеке жашоонун гармониясы
Кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн жана жеке өнүгүүлөрүн чыңдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чараларды кошкондо, эмгек жана жеке жашоонун гармониясын камсыз кылуучу ички саясатты иштеп чыгууга жана жайылтууга чакырабыз. Кесиптик бирликтер кызматкерлердин укуктарын коргоодо, ошондой эле жамааттык келишимдерге эмгек жана жеке жашоодогу гармонияны пайда кылуу үчүн уюмдун кээ бир кызматкерлерине иштөөнүн ийкемдүү графигин түзүп берүү жөнүндөгү пункттарды киргизүү аркылуу жумуш менен жеке жашоонун ортосундагы теңдемдин камсыз кылынышында маанилүү роль ойношот.
Эмгек чөйрөсүндөгү демократия
Эмгек мамилелерин демократиялаштыруу, кызматкерлердин эмгек процесстерин башкарууга катыштыруу идеяларын колдойбуз. Кызматкерлердин жамааттык сүйлөшүүлөргө, эмгек шарттарын талкуулоого жана алардын кызыкчылыктарына тиешеси бар чечимдерди кабыл алууга катышуу укугун таануу – адилеттүү жана ачык-айкын эмгек мамилелерин камсыздоонун милдеттүү шарты. Уюмдун деңгээлинде социалдык өнөктөштүктү чыңдоодогу баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ролун күчөтүү зарыл.
Социалдык коргоонун баарына жеткиликтүүлүгү
Кыргыз Республикасынын ар бир жараны пенсиялык камсыздоону, медициналык камсыздандырууну, жумушсуздук абалында жана башка турмуштук оор кырдаалдарда көрсөтүлүүчү колдоолорду кошкондо, социалдык коргоого ээ болушунун камсыз кылынышын талап кылабыз. Эл аралык эмгек уюмунун энеликти, үйдө эмгектенгендерди коргоо жөнүндөгү конвенцияларын ратификациялоо зарыл. Кесиптик бирликтер социалдык коргоону жакшыртуунун, ошондой эле анын макамына, курагына же иштеген жерине карабастан, бардык кызматкерлер үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун үстүнөн активдүү иш алып баруулары керек.
Ченемдик актыларды чыгарууну актуалдаштыруу жана контролдук механизмдерди жакшыртуу
Эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарды учурдун чакырыктарын жана талаптарын эске алуу менен актуалдаштырып чыгууга чакырабыз. Эң маанилүү милдеттер болуп, эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукка жана ыдык көрсөтүүлөргө каршы күрөшүүгө багытталган жаңы ченемдерди кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо механизмдерин жакшыртуу аракеттери эсептелет. Иш берүүчүлөрдүн кызматкерлеринин укуктарын бузуулары, анын ичинде эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурлары үчүн жоопкерчиликтери күчөтүлүүгө тийиш. Кесиптик бирликтер эмгек мыйзамдарын реформалоо процессинде жана мыйзамдардын ченемдеринин аткарылышын контролдоонун көз карандысыз, натыйжалуу системасын пайда кылууда башкы ролду ойношу керек.
Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн зомбулуксуз эмгекке болгон укуктарды камсыздоо, ошондой эле адилеттүү жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү максатында эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү социалдык өнөктөштөрдүн баарынан: мамлекеттен, кесиптик бирликтерден жана иш берүүчүлөрдөн комплекстүү жана системдүү иш-аракеттер талап кылынат.
Эмгекчилердин укуктарын коргоочу уюм катары, кесиптик бирликтер, мындан ары дагы кызматкерлерди зомбулуктан жана ыдык көрсөтүүлөрдөн коргоо менен, алардын кызыкчылыктарын жактоону улантып, эмгек мыйзамдары менен социалдык саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга активдүү катышуусу керек.
Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана бардык жарандар үчүн эркин, адилеттүү жана коопсуз эмгек чөйрөсүнө ээ коомду түзө алабыз.