2024-жылдын 23-декабрында Ташкент шаарында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы (ККБФ) менен Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясынын (ӨКБФ) ортосунда кызматташтык жөнүндө расмий макулдашууга кол коюлду.
Бул маанилүү документ эки өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана социалдык-экономикалык маселелерди биргелешип чечүү жолдорун иштеп чыгууга багытталган. Ошондой эле бир гана федерациялардын ортосунда эмес, өлкөнүн тармактык, аймактын жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн негиз боло алат.
Макулдашууга Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу менен Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Кудратилла Рафиков кол коюшту.
Өзбекстандык кесиптештер кыргызстандык делегацияны жогорку деңгээлде тосуп алышты.
Сөз сүйлөп жатып, Мурадил Жумадилде уулу Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясы менен кызматташуу эки өлкөнүн эмгекчилеринин кызыкчылыгында күч-аракеттерди бириктирүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгилеп өттү. «Биз биргелешип жумушчулардын социалдык жактан корголушун жана алардын укуктарынын илгерилешин жакшыртууда олуттуу натыйжаларга жете алабыз», – деп билдирди. Ошондой эле, ККБФ төрагасы кызматташтыктын негизги багыттары тууралуу маалымат берди.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы эмгекти коргоо жана эмгекчилердин укуктарын коргоо маселелерине артыкчылык берет. Бул бир гана өлкөнүн аймагындагы жумушчуларды эмес, чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарын дагы камтыйт. Макулдашууда эмгек миграциясын колдоо, эмгек шарттарын жакшыртуу жана эмгек маселелрине байланыштуу чыр-чатактардын алдын алуу багытындагы долбоорлорду кошкондо, биргелешкен программаларды иштеп чыгуу каралган. Чет өлкөдө эмгектенип жаткан жарандардын кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүнүн алкагында Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясы менен чогуу маанилүү иштер аткарылат деген ишеничтемин. Мындан тышкары, кесиптик бирлик ишмердүүлүгү боюнча маалымат алмашуу, эмгекчилерди коргоо боюнча тажрыйба алмашуу үчүн регулярдуу жолугушууларды, семинарлар менен тренингдерди өткөрүп турууну пландап жатабыз. Ошондой эле, мамлекеттик органдар, иш берүүчүлөр жана эл аралык уюмдар менен бирге социалдык өнөктөштүктүн механизмдерин жайылтып, өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүнү ниет кылуудабыз», – деп билдирди.
Өз кезегинде Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы мындай деп кошумчалады:
«Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттеринин күч-аракеттери менен саясий эркинин натыйжасында соңку жылдарда өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер чындап эле бир туугандык мүнөзгө ээ болуп калды. Негизи эле ушундай болушу керек. Себеби тегибиз бир жана элдердин биримдигинин күчү дал ушунда. Ал эми бул кадамыбыз өлкөлөрүбүздүн кесиптик бирликтеринин ортосундагы конструктивдүү кызматташтык жана алдыбызда турган чакырыктарды биргелешип чечүү үчүн негиз боло алат».
ӨКБФ төрагасы Кудратилла Рафиков Мурадил Жумадилде уулуна эки өлкөнүн кесиптик бирликтеринин ортосундагы достук кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн «Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясынын лауреаты» наамын ыйгарды. Сыйлыкты тапшыруу жөнүндө чечим Өзбекстан кесиптик бирликтеринин Аткаруу комитети тарабынан кабыл алынган.
Иш сапарынын алкагында Кыргызстандын делегациясы Өзбекстан кесиптик бирликтер федерациясынын Квалификацияны жогорулатуу институтуна, Кесиптик бирликтердин тарых музейине, Жеңиш паркына барып, Даңк музейиндеги экспонаттар менен таанышты, Жаңы Өзбекстан паркындагы «Ода стойкости» мемориалы менен Көз карандысыздык монументине гүл койду.
Макулдашууга кол коюунун алкагында федерациялардын төрагалары татыктуу эмгек шарттарын жана эмгекчилердин укуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн Борбор Азиядагы кесиптик бирлик кыймылдарынын биримдигинин маанисин белгилешти.