«Арстанбап-Ата» туристтик пансионаты Жалал-Абад облусунда жайгашкан. 1971-жылдан бери жайкысын гана иштейт жана 296 кишиге эсептелген. Турпансионаттын аймагында шарттары жок 30 курама-щит жана жыгач коттедж, ашкана, чайкана, кинотеатр, бий аянтчасы, ачык бассейн, бетон боз үй, тузсуз суутоптомо, техникалык жана чарбалык курулмалар орун алган.