Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Тескей Кожоке айылы.
А. Чынгараев атындагы балдардын ден соолугун чыңдоо борбору 1978-жылдан бери иштейт, 200 койка-орунга эсептелген. А. Чынгараев атындагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун жер тилкесинин жалпы аянты 1,73 га түзөт.
БДЧБнын аймагында 3 түнөк корпусу орун алган. Алардын ичинде:
– №1 түнөк корпусу, 1978-жылы салынган, койка-орундардын саны – 100.
– №2 түнөк корпусу, 1980-жылы салынган, койка-орундардын саны – 35.
– №3 түнөк корпусу, 1985-жылы салынган, койка-орундардын саны – 65.
– Ашкана – 125 орунга эсептелген.
– Медпункт.
– Китепкана.
– Жайкы бассейн.
– Спорт жана бий аянтчасы.
– Жайкы ашкана.
– Кампа (азык-түлүк жана чарбалык буюмдар).