«Ден соолук» ден соолукту чыңдоо борбору Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарынан болгону 5 мүнөттүк аралыкта Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан.
1962-жылы салынган борбордо 7 жаштан 15 жашка чейинки балдардын, ошондой эле алардын ата-энелеринин ден соолугун чыңдап, эс алуулары үчүн жайлуу шарттар бар.
Жайгашуу:
- Балдардын корпустары: 350 кишиге эсептелген жыгачтан салынган бир кабаттуу 5 имарат.
- Чоңдордун корпусу: 59 кишиге эсептелген шарттары менен өзүнчө имарат (душ, даараткана, муздаткыч, телевизор).
Артыкчылыктары:
«Ден доолук» ДЧБ — бул төмөнкүлөрдүн айкалышы:
- эң сонун кумдуу пляждар;
- курамы боюнча минералдуу сууга жакын көлдүн кристаллдуу таза суусу;
- уникалдуу тоо-деңиз климаты.
Жалпы аянты 7,1 га түзгөн борбордун аймагы абатталган жана бак-даракка чөмүлгөн: кызыл карагайлар, кайыңдар, теректер, алмурут жана алма бактары жайлуулук жана тазалык атмосферасын жаратат. Отургучтары жана беседкалары менен таза жана кооз аллеялар эс алуу үчүн идеалдуу.
Инфраструктурасы:
- Абатталган жеке пляж (корпустардан болгону 50 метр аралыкта).
- Түнөк корпустары.
- Ашкана
- Футбол талаасы жана спорт аянтчасы
- Дискотека, бий, оюндар үчүн ачык аянтча
- Медицина кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт өтөгөн медпункт
- Ата-энелер үчүн корпус
Борбордун иштөө графиги:
Балдардын ден соолугун чыңдоо борбору (БДЧБ) 2024-жылдын 17-июнунан баштап 2025-жылдын 28-августуна чейин иштейт, 10 күндүк 8 потокко бөлүнгөн.
Жолдомонун баасына төмөнкүлөр кирет:
- Төрт маал тамак.
- Кошумча орунсыз жатакана.
- 5 күндө бир шейшептердин алмаштырылышы.
- Күнү-түнү иштеген дарыгердин жардамы.
- Маданий-көңүл ачуу иш-чараларынын, спорттук оюндардын уюштурулушу, куткаруучулар менен медайымдын көзөмөлүндө сууга түшүү.
- Лагердин аймагынын күнү-түнү күзөтүлүшү.
- Спорттук курулмаларды жана аянтчаларды пайдалануу (футбол талаасын кошкондо).
20 жылдан бери балдарга жашоосуна таасир калтыра турган жагымдуу эмоцияларды тартуулап келе жатабыз!
«Ден соолук» ДЧБ — ден соолук менен кубанычтын жери!