Бальнеологиялык-баткактуу климаттык курорт-санаторий
Жалал-Абадской облусунда, Жалал-Абад шаарынан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 975 м бийиктикте жайгашкан.
Cанаторий жайкысын 450 орунга, кышкысын – 150 орунга эсептелген. Эс алуучулар үч корпуска жана 2-3 кишилик чакан төрт үйгө жайгаштырылат.
Климаты – континенталдуу, кыш – жылуу.
Жылуу климат менен катар, табигый дарылоочу факторлор – минералдуу суулар жана дарылык баткактар бар.
1954-68-жылдары азыркы иштеп жаткан рекреациялык мекемелер курулган. Дарылык суу иретинде «Кыз-Булак» булагы, ал эми суу процедуралары үчүн — «Жаңы-Булак», «Ак-Булак» булактары пайдаланылат. Жалал-Абаддын минералдуу суулары курамы боюнча термалдык азоттуу аз минералдашкан, хлориддүү-гидрокарбонаттуу-сульфаттуу, магний-кальций-натрийлүү, кремний кислотасы көп (30-35 мг/л) щелочтуулугу аз суулар, микроэлементтердин көп түрлөрүн камтыйт.
Дарылык максатта жергиликтүү чым көңдүү тунма баткактар да колдонулат. Курортто 20 ванна жана 24 кушетка орнотулган суу-баткак менен дарылоо жайы бар. Бейтаптар минералдуу ванналарга, дарылык душтарга түшүп, баткак менен дарылоо процедураларын алышат. Жылдын бардык мезгилдеринде дарылык бассейн иштейт, дарылоо-диагностикалык кабинеттер менен лабораториялар бар. Бальнеологиялык-баткак менен дарылоодон тышкары, электр жана жарык менен дарылоо, дарылоо дене тарбиясы, укалоо, климатодарылоо, дарылоочу азыктануу бар.
Бейтаптар үч корпуска жана төрт чакан үйгө жайгашат. Уктоочу бөлмөлөр 2-3 жана 4 кишиге эсептелген.
Кийинкидей дарттарды дарылоого көрсөтмө берилет: тамак сиңирүү органдары, гинекологиялык, заара-тукум мүчөлөрүнүн оорулары, нерв жана сөөк-булчуң системасынын оорулары. 1920-жылдан бери иштейт, сыйымдуулугу – 347 киши.
Санаторийдин аймагында 4 түнөк корпусу, 2 үч кабаттуу коттедж, 7 чакан үй, ашкана, бейтапкана, суу-баткак менен дарылоо жайы, дарылануу-сүзүү бассейни, суу топтоочу резервуарлары менен тузсуз суутоптомо, техникалык жана чарбалык курулмалар орун алган.
Санаторий ашказан-ичеги жолдорунун, таяныч-кыймыл аппаратынын, бөйрөк жана заара чыгаруу жолдорунун ооруларына, гинекологиялык, урологиялык, тери жана аллергиялык ооруларга чалдыккан бейтаптарды кабыл алат.