Ысык-Көл облусу
Санаторий Жети-Өгүз тоосунун – жыл бою туристтерди өзүнө тартып турган эң кооз кызыл жарлардын маңдайында жайгашкан. 1927-жылы Жети-Өгүз радондуу минералдуу суулардын базасында курулган жана 202 кишиге эсептелген. Санаторийдин аймагында 4 эс алуу корпусу, бейтапкана, суу-баткак менен дарылоочу жай, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу бассейндер, конференц-зал, клуб, техникалык жана чарбалык курулмалар орун алган.
Санаторий бальнеологиялык-баткак курорту болуп саналат жана таяныч-кыймыл аппаратынын, нерв системасынын оорулары жана гинекологиялык дарттар менен ооругандарды дарылоого арналган.
5. «Кыргызстан» санаторийи
«Кыргызстан» — кардиологиялык санаторий. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында Бишкек шаарынан түштүктү көздөй 26 км аралыкта кыргыз Ала-Тоосунун түндүк тоо этектеринде деңиз деңгээлинен 1600 бийиктикте жайгашкан. Көп жылдар бою иштеп келген эс алуу үйүнүн базасында, миокард инфарктына чалдыккан бейтаптарды реабилитациялоо үчүн түзүлгөн. Санаторий жалпы аянты 21 Га түзгөн кооз жерде орун алган. Миокард инфарктына чалдыккан бейтаптарды реабилитациялоо үчүн 30 койка уюштурулган. Климаты жумшак, төмөнкү атмосфералык басым, күндүн аз өлчөмдө ультра кызгылт көк нурларын камтыган интенсивдүү радиациясы, абанын иондошуусунун жогорулугу менен мүнөздөлөт. Корпуста санаторийдин дарылоо-диагностикалык базасы бар. Функционалдык диагностика кабинеттери, клиникалык-биохимиялык лаборатория, физиотерапиялык бөлүм иштейт. Жанында суу менен дарылоо жайы бар. Санаторийдеги бейтаптар үчүн жасалма кычкылтектүү жана көмүр кычкыл, йод-бром ж.б. дарылык ванналар бар. Душтардын ар кандай түрлөрү колдонулат, жылуулук менен дарылоо, баткак жана парафин менен дарылоо кабинеттери жайгашкан. Дарылык баткак иретинде Камышановканын чым көңдүү-тунма баткагы колдонулат. Ушул эле имараттын ичинде дарылоо дене тарбия залы орун алган. Кооз жерлерге туризм уюштурулат. Өзүнчө имаратта курч миокард инфарктына чалдыккан оорулуулар дарылануусун толукташат. Эки кишилик жайлуу палаталар, интенсивдүү терапия бөлүмү, процедуралык кабинет, дарылоо дене тарбия залы, чакан физиотерапия жана укалоо кабинеттери бар. Жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларынан жабыркаган бейтаптар дарыланышат. Санаторий учурда иштейт, бирок дарылана тургандардын саны аз (санаторийди реабилитациялоо үчүн ири суммадагы инвестиция талап кылынат).
Санаторийдин аймагында 2 түнөк корпусу, чакан үй, бейтапкана, суу-баткак менен дарылануу жайы, ашкана, клуб, бильярд, тузсуз суутоптомосу, техникалык жана чарбалык курулмалар орун алган.