
Төрага
Абдыкадыров Султан Абдылдаевич

Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги
Өлкөнүн медицина кызматкерлеринин кесиптик кыймылынын тарыхы Кыргыз ССР советтик социалисттик республикалардын союзуна кирген СССР доорундагы саламаттык сактоонун өнүгүшү менен тыгыз байланышта.
Медицина кызматкерлеринин алгачкы кесиптик бирлиги – фармацевттер бирлиги 1905-жылы Россияда пайда болгон. Кийинчерээк медицина кызматкерлеринин башка категориялары да өздөрүнүн кесиптик бирликтерин түзүшкөн. Чачыранды кесиптик бирликтер 1949-жылы Бүткүл союздук медицина кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин съездинде биригишкен.
Өткөн жылдарда медицина кызматкерлеринин кесиптик бирлигинде эски жана көнүмүш уюштуруу түзүмдөрүн өзгөртүү процесстери ишке ашкан. Тармактык кесиптик бирлик кыймылындагы демократиялык башталгычтар кесиптик бирлик органдарынын бүтүндөй ишмердүүлүгүнүн кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн кызыкчылыгына, алардын топтук жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алууга багытталышы, демократиялык централизмдин принциптеринен, алардын ишмердүүлүгүн так регламенттөөдөн, жеке каалоолорун таңуулоосунан, ылайыксыз функцияларды аткаруу милдеттеринен арылтуу үчүн негизди пайда кылды.
1990-жылы СССР медицина кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тармактык кесиптик бирликтердин ичинен алгачкылардан болуп уюштуруу түзүмү жагынан федеративдик принципке өтүп, ар бир союздук республикада өз алдынча тармактык кесиптик бирликти түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Ошентип, 1994-1995-жылдары Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги пайда болду (мындан ары – Кыргызстан СККБ).
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги КР юстиция органдарында алгачкы ирет 1996-жылдын 4-апрелинде каттоодон өткөн.
Азыркы учурда жалпы саны 70 миң мүчөгө жеткен 300гө жакын кесиптик бирлик уюму Кыргызстан СККБга мүчө.
Кыргызстан СККБ түзүмү:
– борбордук аппарат
– облустук комитеттер
– баштапкы мүчө уюмдар.
1992-жылдан баштап Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин эл аралык конфедерациясынын мүчөсү. Конфедерацияга кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жалпы саны 5 млн кишиге жакын 11 көз карандысыз мамлекет кирет.
2021-жылдын 10-ноябрында Борбор Азия өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин кеңеши түзүлүп, Кеңештин курамына Кыргызстан СККБ төрагасы да кирген.
Кесиптик бирликтин биринчи Уставы 1993-1994-жылдары кабыл алынган. Уставдын жаңы редакциясы 1995-жылдын 15-сентябрында Кыргызстан СККБ II съездинде бекитилип, 2024-жылдын сентябрына чейин күчүндө болду.
2024-жылы Кыргызстан СККБнын кезексиз VIII съездинде жаңы Устав кабыл алынды. Кыргызстан СККБ Уставын кайра карап чыгуу үчүн төмөнкүлөр себеп болду:
- – Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын жаңы Уставына шайкештөө (2024-жылдын мартында кабыл алынган)
- – мыйзамдардын базасына шайкештөө (СККБнын аракеттеги Уставы 1995-жылы кабыл алынган)
- – главалар менен беренелердин ортосундагы коллизияларды жоюу
- – Баштапкы кесиптик бирлик уюму, облустук комитет, ревизиялык комиссия жөнүндөгү Типтүү жоболорду иштеп чыгуу зарылдыгы.
- Байланыш маалыматтары: (0312) 62 57 33
- Дареги: Чүй пр., 207, 27-каб.