
Төрага
Кыдыргычев Аязбек Абдыманапович
Кыргызстандын токой, экология жана туризм кызматкерлеринин кесиптик бирлиги

Токой, кагаз жана жыгач иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети 1972-жылдын 5-январында Кыргыз ССРнин Токой, кагаз жана жыгач иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин биринчи конференциясында түзүлгөн.
Биринчи Түзүүчүлөр коференциясында Асанкожоев Карыбай Малаевич Кыргыз республикалык комитетинин биринчи төрагасы болуп шайланып, 33 жыл, т.а. 2004-жылга чейин башкарып келген. Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны башында 12 миң кишиден ашкан.
Башка кесиптик бирликтердегидей эле, тармактык кесиптик бирликтин башкы максаты болуп, Кыргыз Республикасынын токой тармагында эмгектенген кызматкерлерди жана алардын социалдык-экономикалык, эмгектик укуктарын коргоо эсептелет.
СССР кулагандан кийин, 1992-жылы тармактык кесиптик бирлик Кыргыз Республикасынын токой тармагынын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги болуп өзгөргөн.
2004-жылдан бери Кыргыз Республикасынын токой тармагынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасынын кызматын Осмонов Канатбек Досбаевич аркалап келген.
2024-жылдын 19-январынан баштап Кыргыз Республикасынын токой тармагынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасынын кызматын Кыдыргычев Аязбек Абдыманапович аткарып келе жатат.
1972-жылы тармактык кесиптик бирлик түзүлгөн учурда мүчөлөрүнүн катарында 40 баштапкы кесиптик уюм бар болсо, 2013-жылдын башында бул көрсөткүч токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, коруктар, улуттук жаратылыш парктары жана башка мекемелер менен уюмдардан турган 90 баштапкы кесиптик бирлик уюмуна жеткен.
Тармактык кесиптик бирликтин курамына Республикадагы жана андан тышкары аймактардагы Арсланбап, Сары-Челек, Кара-Алма, Кызыл-Үңкүр, Ысык-Көлдүн айланасындагы тоолуу токойлор сыяктуу дүйнө жүзүндөгү эң кооз жерлерди коргоо боюнча иш алып барган ишканалар дагы кирет.
Тармактык кесиптик бирлик Эл аралык кесиптик бирликтер кыймылын өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүк жүргүзөт.
BWI – курулуш кызматкерлери менен токойчулар интернационалы, КМШ өлкөлөрүнүн токой тармагынын кызматкерлеринин кесиптик бирликтер федерациясы менен активдүү кызматташат. Кыргызстандын токой тармагынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин өкүлдөрү жогоруда аталган эл аралык кесиптик бирлик уюмдары өткөргөн иш-чараларга активдүү катышып келет.
Байланыш маалыматтары: 0312661738, + 996505954548,
Дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 207 45-каб.