86 койка-орунга эсептелген «Кыргызстан» санаторийи Аламүдүн районунун Малиновка айылында Бишкек шаарынан 26 км аралыктагы Ала-Арча капчыгайында деңиз деңгээлинен 1450 метр бийиктикте жайгашкан. Санаторийдин жер тилкесинин аянты 25,83 га түзөт. Санаторийдин аймагы чыгыш тарабынан тоо этектерине жакын, батыш тарабынан Ала-Арча суусу менен чектеш.
Санаторийдин аймагында орун алган түнөк корпустарынын ичинен постинфаркттык бөлүмдүн корпусу гана багытына ылайык колдонулат. Корпус 1960-жылы салынып, стандарт категориясындагы 48 койка-орунга эсептелген.
Мындан тышкары, №7 корпустун шарты жок кээ бир бөлмөлөрү түнөк номери катары колдонулат. Мындай койка-орундардын саны – 32. Ошондой эле өзүнчө турган имараттардагы бөлмөлөр да түнөк номерлери иретинде пайдаланууга берилет. Мындай орундардын саны – стандарт категориясындагы 6 орун.
Жайкысын, зарылдык келип чыккан учурда, шарты жок 21 койка-орунга эсептелген №8 түнөк корпусу колдонууга берилет. Жалпы сыйымдуулугу 58 орунду түзгөн №2, №3, №4 корпустар авариялык абалда жана багытына ылайык колдонулбай турат.
Азыркы учурда санаторийдин аймагын туура пайдалануу максатында, «Кыргызстан эл аралык университети» академиялык консорциуму тарабынан биргелешкен жоопкерчилиги чектелген коомду түзүү жолу менен санаторийдин аймагындагы объектилерди этап менен куруу жана реконструкциялоого киришүү боюнча сунуш киргизилип жатат. Анда Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын үлүшү 51%, ал эми «КЭУ» АКнын үлүшү – 49% түзмөкчү. Ушуга байланыштуу, «КЭУ» АК узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аталган Коомду түзүү жөнүндө документтердин топтомун даярдап чыкты.