
Төрага
Мамбеталиев Бектемир Джекшенович
Кыргыз Республикасынын авиация тармагынын жана мамлекеттик ишканаларынын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги

Комитеттин түзүлүшүнүн тарыхы:
1952-жылы Кыргыз бириккен авиация отряды СССР Жарандык аба флотунун Кыргыз авиация тобуна өзгөртүлүп түзүлгөн. Авиация кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин төрагасы болуп Айтбаев Абильды Каримович шайланган.
1966-жылы Кыргыз авиация тобу Жарандык авиациянын кыргыз башкармалыгына өзгөртүлүп, буга байланыштуу топтук комитет 06.06.1967-жылы Кыргыз ССРнин авиация кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитети болуп кайра түзүлгөн.
Авиация кызматкерлеринин кесиптик бирлиги пайда болгон учурда, бирликке атайын максаттагы авиациянын, санитардык авиациянын, жалпы авиациянын, авиациялык уюмдардын илимий-изилдөө жана окуу жайларынын ж.б. кызматкерлери кирген.
Авиация кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 55 жылды ашкан тарыхы өлкөнүн өнүгүү этаптары, аба флотунун, гидрометеорология жана аэронавигация кызматынын өнүгүшү менен тыгыз байланышта.
Бүгүнкү күндө авиация кызматкерлеринин кесиптик бирлиги өз ичине жарандык авиациядагы бардык кесиптерде эмгектенген кызматкерлердин, Кыргызгидромет жана авиациялык уюмдардын, облустук өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин катарынан 5,5 миң мүчөнү камтыган аба транспорту боюнча эң ири тармактык кесиптик бирлик болуп саналат. Түзүмүндө 9 баштапкы кесиптик бирлик уюму бар.
Байланыш маалыматтары: 0312 62 58 12, 0312 62 57 18, 0555 29 49 49
Биздин дарек: Бишкек ш., Чүй пр., 207