
Төрага
Дуйшенов Ниязбек Эшмухамедович

1. 1919-жылы жер жана токой кызматкерлеринин уезддик кесиптик бирлиги түптөлгөн.
2. 1934-жылы Киргизсовпрофтун 2-пленумунда кийинкидей өзгөртүп түзүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынган:
– Мал чарбасы совхоздорунун кызматкерлеринин кесиптик бирлиги эт-сүт жана жашылча совхоздорунун жумушчуларынын кесиптик бирлигине жана жылкы чарбасы совхоздорунун жумушчуларынын кесиптик бирлигине бөлүнгөн.
– Дыйкан чарба совхоздору менен МТС жумушчуларынын кесиптик бирлиги Чыгыш МТС кызматкерлери менен жумушчуларынын кесиптик бирлигине жана жер органдарынын кызматкерлери менен жумушчуларынын кесиптик бирлигине бөлүнгөн.
3. 1941-жылдын 1-февралында мурунку эки кесиптик бирликтин базасында МТС жана жер органдарынын кызматкерлери менен жумушчуларынын кесиптик бирлигинин Республикалык комитети түзүлгөн.
4. 1941-жылдын 1-апрелинде 16 278 мүчөсү бар 194 профуюмду бириктирген Оргбюро түзүлгөн. 1943-жылдын 11-августунда биринчи Республикалык конференция өтүп, анда Республикалык комитет шайланган.
5. 1953-жылдын 15-мартында кесиптик бирликтерди айыл чарба жана айыл чарба азыктарын даярдоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигине бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алынган. 1953-жылдын 18-апрелинде кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин биринчи бириккен Пленуму өткөн.
6. 1953-жылдын 12-майында Кыргыз ССРнин айыл чарба жана айыл чарба азыктарын даярдоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Республикалык комитети түзүлгөн.
7. 1934-1939-жылдар аралыгында СССР кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ыйгарым укуктуу кызматкерлери иштеген. Жоюлгандан кийин алардын функциялары Кыргыз ССРнин тармактык кесиптик бирликтерине өткөн.
8. 1957-жылы МТС жоюлган соң, механизаторлор менен адистер кесиптик бирликке кире баштаган, ал эми колхозчулар 1975-жылы партиянын съезди өткөндөн кийин массалык түрдө кирген.
9. 1981-жылы айыл чарба жана айыл чарба азыктарын даярдоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлигине өзгөртүлүп түзүлгөн.
10. 1985-жылы Кыргыз ССРнин Мамлекеттик агроөнөржайы түзүлүп, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын кесиптик бирликтери Агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик бирлигине биригишкен. 1992-жылы тамак-аш өнөр жайынын кызматкерлери өзүнчө бөлүнүп кетишкен.
11. 2010-жылы агрардык өнөр жай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик бирлиги Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлиги болуп кайра түзүлгөн.
Кыргызстанда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлиги «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эмгекчилердин укугун коргогон башка мыйзамдарга, ошондой эле Уставга ылайык иш жүргүзөт. Анын түзүмүндө Борбордук комитет, 7 облустук комитет, 37ден ашуун райондук комитет жана 89 435 мүчөсү менен 1200дөн ашуун баштапкы уюм бар.
Кесиптик бирлик эмгек мамилелерин жөнгө салуу, эмгек коопсуздугун көзөмөлдөө, фермердик өнүмдөрдү ички жана тышкы рынокко чыгаруу, иш берүүчүлөр менен жумушчулардын ортосундагы мамилени жакшыртуу, айылдардын жумушчуларынын ден соолугун чыңдоо жана алардын балдарына жайкы эс алууларды уюштуруу боюнча иш алып барат.
«Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлиги» кесиптик бирлик уюмдарынын бирикмеси
Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик бирлиги
1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн мезгилде анын аймагында ар кандай профилдеги 45 гана ишкана бар болуп, алардын ичинен 28 ишкана тамак-аш өнөр жайынын ишканасы болгон.
1924-жыл – автономиялуу облуста коомдук уюмдар түзүлө баштаган жыл.
1925-жылдын 12-январында тарыхта биринчи жолу тамак-аш өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигин уюштуруу боюнча бюро түптөлгөн.
1925-жылдын 26-февралында Кара Кыргыз автономиялуу облусунун тамак-аш жана даам өнөр жайынын кесиптик бирлигинин биринчи Түзүүчүлөр съезди өткөн. Ага 800 кишиден турган 3 спирт тазалоочу завод, 4 мамлекеттик тегирмен, ичеги заводу, тамеки жана махорка өндүрүшү, колбаса жана кондитердик цехтер, наабайканалар жана ашканалар кирген.
1926-жылдын 1-январына карата кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны 2000 кишиге жеткен.
Кесиптик бирликтин, анын уюштуруу түзүмүнүн калыптанышы 1920-1930-жылдары бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп, көп учурда кесиптик бирлик демогратиясынын ченемдеринин бузулушу менен коштолгон. Төрагалар «жогору» жактан дайындалып, бат-баттан алмашып турган, коллективдик жетекчилик администрациялоого өткөн.
Архивдик документтерге жүргүзүлгөн талдоо социалисттик курулуш жылдарында кесиптик бирлик жана анын уюмдарынын жумушчулар менен кызматкерлердин социалдык-экономикалык укуктарын активдүү коргоп келгенин, социалисттик жарышты уюштурганын, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана анын негизинде – жумушчулар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртууга, материалдык жыргалчылыкты жогорулатууга, алардын руханий муктаждыктарын канааттандырууга, дене тарбиясы жана спорт менен машыгууларына кам көргөнүн көрсөтүп турат.
1926-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз АССР болуп кайра түзүлгөн. Ушуга байланыштуу 12.04.1927-жылы тамак-аш жана даам өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин I Республикалык съезди өтүп, кесиптик бирлик түзүлгөн. Анын катарына 1500 иштеген жана 1827 жумушсуз жаран кирген.
1930-жылдан тарта кесиптик бирликтин түзүмү бир нече ирет өзгөрүп, башка кесиптик бирликтерге кошулган, чоңойгон, аталышы алмаштырылган.
Ошентсе да, тамак-аш өнөр жайынын ишканаларынын саны жана алар менен катар эле кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны кыйла өстү. Фрунзе эт комбинаты, мелькомбинат, тамеки фабрикасы, 14 сүт заводу, Кант жана Кара-Балта кант заводдору, нан комбинаты жана шарап заводдору эксплуатацияга киргизилди.
1937-жылы ички дүң продукциянын 50%ы тамак-аш өнөр жайынын ишканалары тарабынан чыгарылган.
Тамак-аш өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин экинчи ирет жаралышы жана уюштуруу жагынын өзгөрүшү 1949-жылга туш келген.
1949-жылдын 15-16-июлунда Фрунзе шаарында тармактын 2500 кызматкери менен 25 ишкананын жана уюмдун базасында түзүлгөн кесиптик бирликтин I Республикалык конференциясы өткөн. Конференцияда Республикалык комитет жана Ревизиялык комиссия шайланган. Мындан тышкары, кесиптик бирликтин жетектөөчү органдарын шайлоо жана Уставын кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылган.
1949-жылдын аяк ченинде кесиптик бирликке дагы 36 ишкананын кызматкерлери кирген.
1951-жылдан 1954-жылга чейин кесиптик бирликтин түзүмү бир нече ирет өзгөргөн.
1985-жылы СССР менен Кыргыз ССРнин эл чарбасынын түзүмүндө кезектеги өзгөрүүлөр болуп, тогуз министрлик жана ведомство бир агрардык өнөр жай комплексине бириктирилген. Тармактын кесиптик бирлиги 1986-жылдагы Түзүүчүлөр съездинде республиканын АӨК кызматкерлеринин кесиптик бирлиги менен биригүү тууралуу чечим кабыл алынган.
Советтик мамлекеттин шарттарында кесиптик бирликтер кыймылынын өнүгүшү кесиптик бирликтердин функциялары күн тартибине жараша өзгөрүп турганына карабастан, алардын мамлекеттик жана чарбалык курулушка, социалдык маселелерди чечүүгө дайыма активдүү катышып келгенин көрсөттү.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайына артыкчылыктуу маани берүү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1992-жылы тармакты калыбына келтирүү жөнүндө токтом кабыл алып, «Кыргыз тамак-аш» мамлекеттик концернин түздү. Бул чечимге ылайык, 1992-жылдын март айында Республиканын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигин түзүү жана кайра жандандыруу боюнча уюштуруу комитети пайда болду.
24.04.1992-жылы I Түзүүчүлөр конференциясында кесиптик бирлик түзүлдү. Устав кабыл алынып, түзүмдүк бөлүктөрү белгиленди. Тармактын кесиптик бирлигинин төрайымынын кызматына Акенеева Халима Асанкуловна дайындалды.
Ошентип, бул күндү эски кесиптик бирликтин кайра жаралуу күнү деп айтсак болот.
1997-жылы тармактын кесиптик бирлигинин төрайымы Х.А.Акенееванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, кесиптик бирликти техникалык инспектор Апсалиев Сагынбек Апсалиевич жетектей баштады.
СССР кулаган учурда кесиптик бирлик оор мезгилдерди башынан өткөрдү. Экономикалык алакалардын үзүлүшү, чийкизат булактарынан ажыроо, сатуу рынокторун жоготуу, жүгүртүм каражаттарынын жоктугу айрым ишканалардын биротоло жабылышына себеп болсо, айрымдары – ишин улантуу үчүн күрөшүүгө мажбур калышты.
Экономикалык жана саясий реформалардын жаңы шарттарында, партиялык жана мамлекеттик түзүмдөр менен көп жылдык үзгүлтүксүз иш алып баруудан кийин, кесиптик бирликтер аталган органдардан көз каранды болбой калышты, баштапкы уюмдар өз алдынчалыкка жетишишти, түрдүү түзүмдөр менен социалдык диалогду жана өнөктөштүктү өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кесиптик бирлигинин VI Конференциясынын делегаттары алдыдагы бир нече жылга эң маанилүү деп эсептелген кийинкидей милдеттерди белгилешти:
- жалданма жумушчулардын социалдык-эмгектик кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо;
- бардык деңгээлдерде социалдык-эмгектик мамилелерди жамааттык-келишимдик жөнгө салуу жолу менен социалдык өнөктөштүк институтунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кесиптик бирликтердин катарын консолидациялоо жана өз уюмдарын реформалоо;
- кесиптик бирликти мезгилдин талабына ылайык уюштуруу жана финансылык жактан чыңдоо;
- кесиптик бирликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Кыргызстандын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик бирлиги мүчө болгон Тамак-аш жана тамеки өнөр жайы, айыл чарба, ресторан жана мейманкана, коомдук тамактануу жана жакын тармактардын кызматкерлеринин эл аралык бирлиги (IUF) менен кызматташтыкты бекемдөө;
- жалданма жумушчуларга жана кесиптик бирлик лидерлерине өз укуктарын билүүнү жана аларды колдонууну үйрөтүү.
Байланыш маалыматтары: (0312) 61-32-61, 0998 99-55-48
Бишкек ш., Чүй пр., 207