
Төрага
Примкулов Мусабай Маматович
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кесиптик бирликтер жөнүндө», «Эмгекти коргоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык-укуктук ченемдерге, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына ылайык жүргүзөт.
Кесиптик бирликтин Борбордук комитети ишмердүүлүгүн өзүнө караштуу кесиптик бирлик уюмдары менен тармактык жана аймактык кызыкчылыктарды эске алып, демократия, бири-бирин сыйлоо, өз алдынчалык, теңдик, кызматташтык жана тилектештик принциптеринин негизинде уюштурат жана жүргүзөт.
Ишмердүүлүктүн түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
— кесиптик бирликтин бардык органдарын төмөндөн жогоруга карай шайлоо;
-кесиптик бирликтин бардык мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу, кесиптик бирликке кирүү жана андан чыгуу маселелеринде ыктыярдуулук;
-кесиптик бирлик органдарынын өздөрүнө караштуу уюмдарга жана жогору турган кесиптик бирлик органдарына мезгилдүү отчёт берүүсү;
— кесиптик бирликте ички тартипти сактоо;
-кесиптик бирлик уюмдарынын, алардын бардык деңгээлдердеги органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугу;
— жогорку кесиптик бирлик органдарынын чечимдерин милдеттүү аткаруу;
— жаматтын ичинде талкууланган жана коллегиялык негизде кабыл алынган кесиптик бирлик органдарынын бардык токтомдору менен табыштамаларынын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик;
— мүчө уюмдардын тең укуктуулугу;
— кесиптик бирликтин милдеттерин аткарууда мүчө уюмдардын тилектештиги жана биримдиги.
Кесиптик бирликтин башкы максаттарына төмөнкүлөр кирет:
— кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн алардын жашоосунун деңгээлин жакшыртууга багытталган жеке жана жамааттык социалдык, эмгектик жана кесиптик укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо;
— облустун коллегиялык билим берүү органдарында кесиптик бирликтин жана анын уюмдарынын укуктарын коргоо;
— кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жогорулатуу.
Ишмердүүлүктүн негизги багыттары:
— коомдук жана башка уюмдарга кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо;
— кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн эмгек, социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктары менен эркиндиктерине тиешеси бар мыйзамдарды жана башка ченемдик документтерди иштеп чыгууга катышуу;
— эмгекти коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актылардын аткарылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү;
— эмгек мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Эмгек ресурстарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу;
-жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, эмгекке байланыштуу чыр-чатактарды жөнгө салууга катышуу;
— кызматкерлердин жана алардын балдарынын, ошондой эле студенттердин ден соолугун чыңдоону уюштуруу;
— кесиптик бирликтин кадрларына окуу-методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;
—башка мамлекеттердин коомдук, мамлекеттик жана башка уюмдары, кесиптик бирликтери менен кызматташуу жана эл аралык мамилелерди өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин түзүмү
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тармактын кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин ыктыярдуу, көз карандысыз бирикмеси болуп саналат жана мүчө уюмдарынын ишмердүүлүгүн координациялап, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргойт.
Бүгүнкү күндө тармактык кесиптик бирлик өз ичине 3 облустук, 40 райондук жана 15 шаардык комитетти камтыган, 3934 баштапкы кесиптик бирлик уюму жана 184 003 кесиптик бирлик мүчөсү бар, алардын ичинен 166 665 – иштеген, 17 338 – студенттер жана студенттик жаштар түзгөн эң ири өкүлчүлүктүү уюм болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жогорку органы – 5 жылда бир чогулуучу Съезд. Съездде кесиптик бирликтин борбордук органынын жана ревизиялык комиссиясынын иштери боюнча отчёттор окулат, жакынкы беш жылдык мөөнөткө жетектөөчү органдар шайланат, тармактын социалдык-эмгек маселелери талкууланат, иштин негизин түзгөн иш-аракеттердин программасы белгиленет.
Зарыл болгон учурда Съездде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Борбордук комитет тармактык кесиптик бирликтин жетектөөчү органы болуп саналат.
Съезддердин ортосунда жетекчиликти ишке ашыруу үчүн кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин пленумдары өткөрүлүп, Борбордук комитеттин ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Президиумдун курамы шайланат.
Кесиптик бирликтин Борбордук комитети кесиптик бирликтердин съезддеринин, пленумдарынын, президиумдарынын токтомдорунун аткарылышын камсыз кылат.
Кесиптик бирликке 3 облустук (Баткен, Ош, Жалал-Абад), Нарын облусунун 5 райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитети, Талас облусунун 4 райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитети, Ысык-Көл облусунун 5 райондук жана 2 шаардык кесиптик бирлик комитети, Чүй облусунун 8 райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитети, ошондой эле Бишкек жана Ош шаардык кесиптик бирлик комитеттери, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын ЖОЖдору менен КООЖдорунун 20 кесиптик бирлик комитети, КР Улуттук илимдер академиясынын бириккен кесиптик бирлик комитети жана башка мекемелердин 12 кесиптик бирлик комитети кирет.