
Төрага
Намазов Кубанычбек Шаимбекович

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин тарыхы
Кыргыз АССРнин түзүлүшү менен (1926-жылдын ноябрь айы) Кыргыз АССРнин кесиптик бирликтеринин II съезди өтүп, анда облустук Кеңеш Республикалык кесиптик бирликтер кеңешине өзгөртүлүп түзүлгөн (Киргизсовпроф).
Советтик соода кызматкерлеринин бүткүл союздук кесиптик бирлигинин облустук бөлүмү 1925-жылдын март айында уюштурулуп, 1927-жылы Республикалык бөлүм деген аталышка ээ болгон.
Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин кесиптик бирлиги 1931-жылы советтик соода кызматкерлеринин майда бөлүктөргө бөлүнгөн бирлигинен түзүлүп, Кировпрофтун II пленумунун токтому менен эки өзүнчө тармактык кесиптик бирликке – мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин жана кооперация жана соода кызматкерлеринин кесиптик бирликтерине ажыраган.
1931-1932-жж. – Кыргыз АССРнин Мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитети,
1939-жылдан тартып – Кыргыз ССРнин Мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитети.
1947-жылы сот жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги жоюлганда, анын функциялары Мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитетине өткөн.
1956-жылдын январь айында финансы-банк кызматкерлеринин кесиптик бирлиги жоюлуп, кесиптик бирликтин милдети Мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин кесиптик бирлигине берилген.
Мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин I съездинин 07.09.1990-жылдагы чечими менен Республикалык комитет Мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети деп, ал эми II съезддин 28.09.1995-жылдагы чечиминин негизинде – Мамлекеттик мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети деп өзгөртүлгөн.
Кесиптик бирликтин 10.08.2005-жылы өткөн IV съездинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлиги деп өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Социалисттик курулуш жылдарында мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик бирлиги КПСС БКнын, партиялык уюмдун жетекчилиги астында социалисттик өзгөртүп түзүү, өлкөнү индустриялаштыруу, айыл чарбасын коллективдештирүү, маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү процесстерине катышып, социалисттик жарышты, эпкиндүүлөр, стахановчулар кыймылын уюштурууга катышкан.
Бүгүнкү күндө КР мамлекеттик, муниипалдык мекемелердин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлиги ишмердүүлүктүн көп түрлөрүн жүргүзөт. Бул социалдык өнөктөштүктүн алкагында жүргүзүлгөн иштер, түрдүү уюмдар жана мекемелер менен кызматташуу жөнүндө тармактык макулдашууларды, жамааттык келишимдерди түзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жеткилең иштеп чыгууну сүрөмөлөө, эмгек мыйзамдарынын, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын сакталышын көзөмөлдөө, маалыматтык-пропагандалык, илимий-изилдөө, ден соолукту чыңдоочу жана маданий-массалык иш-чаралар, эл аралык кызматташтык жаатындагы иштер.
Азыркы учурда кесиптик бирликтин структурасында 6 облустук комитет, кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын 48 райондук жана шаардык кеңеши бар.
Учурда КР мамлекеттик, муниипалдык мекемелердин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин49 000ден ашык мүчөсү бар.
Бүгүнкү күндө 1092 баштапкы кесиптик бирлик уюмунда 49 140 мүчө каттоодо турат, башкача айтканда, кесиптик бирликке мүчөлүк аталган мекемелерде эмгектенип жаткан жалпы саны 55 645 кишини түзгөн көрсөткүчтүн 88,3%на жетти.
Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин ишмердүүлүгү кесиптик бирлик органдары менен тармактын кызматкерлеринин жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча натыйжалуу формалар менен методдорду өркүндөтүү жана мыктылоо жаатында биргелешкен иш-аракеттерди координациялоону күчөтүүгө багытталган.
Байланыш маалыматтары: 0312 66-14-85
Дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 207, 22-каб.