«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийи Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Бишкек шаарынан 250 км аралыкта, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан. Бир мезгилде 1080 кишини кабыл алууга эсептелген. 4 корпустан турат, 1 корпусу жыл бою иштейт.
Пляжы кумдуу, корпустардан пляжга чейин 100-600 метр.
Дарылоо: дем алуу органдарынын, жүрөк-кан тамыр системасынын, таяныч-кыймыл аппаратынын, нерв системасынын оорулары, гинекологиялык оорулар.
Санаторийдин аймагында Чолпон- Ата баткактары чыккан жерлер жана минералдуу суу булактары бар.