«Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору
«Улан» БДЧБ Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Тору-Айгыр айылында жайгашкан. Көл жээгиндеги жеке кум пляжы менен абатталган, жашыл аймакка ээ.
«Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алуучуларды (балдарды жана чоң кишилерди) жайгаштыруу үчүн бир учурда 350 баланы кабыл алууга эсептелген кыштан тургузулган корпустар бар. Корпустун ар бир кабатына 30-36 баладан эки отряд жайгашса болот. Балдар бир бөлмөгө 8-9дан жайгашат. Ар бир отрядга бир даараткана жана жуунуучу бөлмө бар.
«Улан» БДЧБда 4 маал тамак — эртең мененки тамак, түшкү тамак, түштөн кийинки жеңил тамак, кечки тамак каралган. Жайкы мезгилде гана иштейт. Аймагында түнөк корпусу, жеңил конструкциялардан тургузулган жайкы типтеги коттедждер, ашкана, суу топтоочу идиши менен тузсуз суутоптомо, техникалык жана чарбалык курулмалар жайгашкан.