Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Кыргыз Кыштак айылы.
«Умай-Эне» санаторий-профилакторийи 1991-жылдан бери иштейт, 50 койка-орунга эсептелген. Санаторийдин жер тилкесинин жалпы аянты 12,5 га түзөт. Санаторий-профилакторийдин аймагында 2 түнөк корпусу орун алган:
– № 1 түнөк корпусу, 1991-жылы салынган, койка-орундардын саны – 38
– №2 түнөк корпусу, 1991-жылы салынган, койка-орундардын саны – 12
Дарылоо корпусу, 1991-жылы салынган, 2 ванна, 2 дарылоо кабинети бар.
Санаторийдин аймагында төмөнкү объектилер орун алган:
– Мончо;
– Жайкы бассейн;
– Ашкана – 50 орунга эсептелген;
– Спорт зал;
– Чарбалык корпустар (кампа – ашкананын азык-түлүк сактоочу жертөлөсү), кир жуучу жай.
«Умай-Эне» санаторий-профилакторийинин багыты
1. Кан айлануу системасынын оорулары:
а) Миокардиодистрофия 1-даражадан жогору эмес кан айлануу жетишсиздиги.
б) Ревматизм активдүү эмес фаза.
в) Жүрөк-кан тамыр системасынын функциясынын бузулушу менен невроз.
г) Тери-аллергиялык оорулар.
2. Кургак учуктук мүнөздө болбогон дем алуу органдарынын оорулары:
а) Өнөкөт бронхит, трахеит, ларингит, фарингит, тонзиллит.
б) 1 жана 2-даражадагы өнөкөт пневмония.
в) Өпкө жана жүрөк жетишсиздиги менен коштолбогон пневмосклероз.
3. Таяныч-кыймыл системасынын оорулары:
а) Жүрөк-кан тамыр системасынын функциялары бузулбаган өнөкөт полиартрит.
4. Гинекологиялык оорулар:
а) Жатындын жана кыпчыкейдин өнөкөт сезгенүүсү, энелик бездердин дисфункциясы
б) Кош бойлуулуктун 1-жарымындагы анемия. Бала төрөй турган курактагы аялдардагы анемия.