«Чолпон-Ата» эс алуу үйү 1960-жылдан бери жайкы мезгилде гана иштеп келген. 2017-жылдан бери толугу менен жабылган. Эс алуу үйүнүн балансында 638 койка-орундуу 38 коттедж бар. Административдик корпус, ашкана, жайкы кинотеатр, бий аянтчасы жана башка курулмалардын абалы канааттандырарлык эмес, бүгүнкү күндө «Чолпон-Ата» эс алуу үйү жараксыз абалда, реабилитациялоо үчүн ири инвестициялар талап кылынат.
8. «Ысык-Көл» эс алуу үйү
«Ысык-Көл» эс алуу үйү Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде Бостери айылында жайгашкан. Бир нече гектар аянтты ээлейт, жашылдандыруу деңгээли жакшы.
Жыгачтан тургузулган 2 кабаттуу №2 корпус жана шарттары жок 2-4 кишилик коттедждер. Даараткана, умывальниктер, душ – пансионаттын короосунда. Номерлер абдан жөнөкөй. 3 кабаттуу №1 корпуста коттедждерге караганда шарттар жакшыраак. Номерлердин ичинде муздак суусу менен умывальниктер орнотулган. Даараткана кабатта, душ – короодо.
Шарттары бар номерлерде: керебеттер, тумбочка, душ, даараткана, умывальник
Шарттары жок номерлерде: керебеттер, тумбочка, стол, отургучтар, умывальник, даараткана – коридордо
3 маал тамак жолдомонун баасынын ичинде
Пляжы – кумдуу, жээкке чейин 100 метр
— Пирс
— Сууда көңүл ачуулардын бардык түрлөрү
Инфраструктура:
Балдар аянтчасы, кафе, гриль-бар, боз үйлөр, акы төлөнүүчү унаа токтоочу жай, медпункт, кайык станциясы.
«Ысык-Көл» эс алуу үйүнүн сыйымдуулугу 329 киши. Эс алуу үйүнүн аймагында эс алуучуларды жайгаштыруу үчүн 2 түнөк корпус, жеңил конструкциялардан тургузулган 56 жыгач коттедж, ашкана, конференц-зал, кинозал, пирс, техникалык жана чарбалык курулмалар орун алган.