«Ысык-Ата» курорттук комплекси Ысык-Ата суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1775 м бийиктикте, Бишкек шаарынан 78 км аралыкта жайгашкан.
Аймагы:
Санаторийдин эс алуучуларынын кызматында ар кандай физио- жана укалоо процедураларынын топтому каралган бейтапкана иштейт.
Дарылоо:
1. Таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары
2.Нерв системасынын оорулары
3. Гинекологиялык оорулар
4. Тамак сиңирүү органдарынын оорулары
Жайгашуу:
Туристтер үчүн – 2 жана 3 кишилик люкс жана жарым люкс номерлер. Санаторий 1891-жылдан бери иштейт жана 274 кишиге эсептелген. Эс алуучуларды тейлөө үчүн санаторийдин аймагында 5 түнөк корпусу, бейтапкана, суу-баткак менен дарылоо жайы, минералдуу суусу менен ачык бассейн, ашкана, клуб, суу топтоочу резервуарлары менен тузсуз суутоптомо, техникалык жана чарбалык курулмалар орун алган.
Санаторий өзүнүн табигый дарылоочу каражаттары боюнча бальнеологиялык баткактык шыпаа жайы болуп эсептелет жана кыймыл органдарынын, нерв системасынын оорулары жана гинекологиялык дарттар менен ооруган кишилердин дарылануусуна арналган.