
Төрага
Абдылдаев Аидлан Нурдинович

Өнөр жай, коммуналдык-тиричилик тейлөө жана ишкердик кызматкерлеринин кесиптик бирлиги
Архивдик маалыматтарга, тагыраагы, Облместком Президиумунун отурумунун 1925-жылдын 13-июнундагы №12 Протоколуна ылайык, күн тартибиндеги эң биринчи маселе катары кийинки маселе белгиленген:
Коммуналдык кызматкерлердин алты жылдык юбилейин өткөрүү планын иштеп чыгуу. Алты жылдык юбилей 13-июлда өткөрүлсүн. Демек, Коммуналдык кызматкерлердин бирлиги түптөлгөн күн болуп, 1925-жылдын 13-июлу эсептелет.
Кесиптик бирлик лидерлеринин күч-аракеттеринин натыйжасында, Шаардык ишканалардын жумушчуларынын кесиптик бирлигинин шаардык комитети 1938-жылдын 17-июлунда Фрунзе шаарында шаардык ишканалардын жумушчуларынын кесиптик бирлигинин I шаардык конференциясын өткөргөн. Комитеттин курамына жергиликтүү өнөр жай жана коммуналдык чарба системасынын 7 гана ишканасы кирген.
1939-жылдын 29-октябрында Шаардык ишканалардын жумушчуларынын кесиптик бирлигинин шаардык комитети Кыргыз ССРнин шаардык ишканаларынын жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитети болуп кайра түзүлгөн. Мындай аталыш менен комитет 1941-жылга чейин иш алып барган.
1960-жылы Коммуналдык чарба жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитети Жергиликтүү өнөр жай жана коммуналдык чарба жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитети болуп өзгөрүп, ишмердүүлүгүн 1963-жылга чейин жүргүзгөн.
1963-жылы Жергиликтүү өнөр жай министрлиги жоюлуп, анын ордуна Коммуналдык чарба министрлиги менен Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө башкы башкармалыгы түзүлгөнүнө байланыштуу, Жергиликтүү өнөр жай жана коммуналдык чарба жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитети Коммуналдык-тиричилик ишканаларынын жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитети болуп өзгөргөн.
1986-жылдын 25-октябрында кесиптик бирликтер Борбордук комитетинин I пленумунун токтомунун негизинде, жогоруда аталган комитет Жергиликтүү өнөр жай жана коммуналдык-тиричилик ишканаларынын жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитети болуп өзгөргөн.
Кесиптик бирликтин негизги милдеттеринин бири – эмгекчилердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга кам көрүү.
Кесиптик бирлик социалдык жана турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерди чечүүгө активдүү катышат, өндүрүштүк бирикмелерде жана уюмдарда эмгек мыйзамдарынын сакталышын, коопсуздук техникасы менен өндүрүштүк санитариянын абалын көзөмөлдөйт, эмгекке байланыштуу талаш-тартыштарды чечет.
Тармактык комитеттин өкүлчүлүктөрүндө 2024-жылдын февраль айына карата 20,5 миң киши бар экени белгилүү жана алар Кыргыз Республикасынын кийинки аймактарында иш алып барат:
Кесиптик бирликтин Борбордук комитети МОПтун (ТКЧ, жергиликтүү өнөр жай жана кызмат чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин эл аралык бирикмеси) мүчө уюму.
2023-жылдан тартып, дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүндө 50 миллиондон ашуун кызматкердин кызыкчылыктарын коргогон IndustriALL глобалдык бирлигинин мүчөсү.
Байланыш маалыматтары: 0312 622384, 0312 665718
prpkbop@mail.ru
Бишкек ш., Чүй пр., 207