Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин семинар-кеңешмесине катышты.
Иш-чарага республика боюнча саламаттык сактоо тармагындагы баштапкы профсоюздук уюмдардын төрагалары катышты. Семинар-кеңешменин жүрүшүндө кесиптик бирликтин ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери, эмгек мыйзамдарынын аткарылышы, ошондой эле медициналык кызматкерлердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо кесиптик бирлигинин 2025-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары талданып, 2026-жылга карата пландар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.
Өз сөзүндө Федерациянын төрагасы медициналык кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо кесиптик бирликтердин негизги милдеттеринин бири экенин баса белгиледи. Ал саламаттык сактоо тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн коопсуз жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү, эмгек акынын өз убагында төлөнүшү жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.




