Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу «Акысыз адвокат» телеберүүсүнүн түз эфирине катышып, көрүүчүлөрдүн эмгек укуктарына байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Түз эфирдин жүрүшүндө жарандар эмгек келишимдерин түзүү, жумуштан мыйзамсыз бошотуу, эмгек өргүүсү, айлык маянанын кечиктирилиши жана коопсуз эмгек шарттары боюнча суроолорун узатышты. Федерациянын төрагасы эмгек мыйзамдарынын негизги талаптарын түшүндүрүп, кызматкерлер өз укуктарын кантип коргой ала турганы тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле ал Федерация тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, бүгүнкү күндө уюм санариптештирүү багытында активдүү иш алып барууда. Тактап айтканда: кесиптик бирликтердин электрондук маалымат базасын түзүү; кайрылууларды онлайн кабыл алуу системасын киргизүү; мүчөлөр үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүсү.
Мындан тышкары, эмгекти коргоо маселеси өзгөчө ордунда экени белгиленди. Өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин сактоо, жумуш орундарындагы коопсуз шарттарды камсыз кылуу жана өндүрүштүк кырсыктардын алдын алуу багытында түшүндүрүү жана мониторинг иштери күчөтүлүүдө.
Эфир жандуу форматта өтүп, көрүүчүлөрдөн көптөгөн суроолор келип түштү. Программанын жыйынтыгында төрага жарандарды өз эмгек укуктарын билүүгө жана зарыл учурда кесиптик бирликтерге кайрылууга чакырды.


