Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек укуктарын коргоо, социалдык камсыздоо жана эл аралык эмгек мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Мурадил Джумадилде уулу социалдык коргоо, эмгекти коргоо, укуктук жардам көрсөтүү жана эл аралык кесиптик байланыштарды өнүктүрүү багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.
«Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы жарандыгына карабастан бардык эмгекчилердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт. Ар бир кызматкер өзүн корголгон жана колдоого алынган сезиши керек.», — деди ал.
Элчи Алтамаш Вазир Хан федерация тарабынан сунушталган чараларды жогору баалап, бул демилгелер Пакистандын эмгек ресурстарынын бакубаттуулугун камсыздоого багытталганын белгиледи.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, тараптардын мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө болгон өз ара кызыкчылыгын тастыктады.


