Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Жогорку Кенеште “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого катышты.
Жыйындын жүрүшүндө эмгек коопсуздугун камсыз кылуу, өндүрүштөгү кырсыктардын алдын алуу жана кызматкерлердин укуктарын коргоо маселелери кеңири каралды. Төрага өз сөзүндө эмгекти коргоо маселеси мамлекеттин социалдык саясатынын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.
Мурадил Джумадилде уулу мыйзам долбоорунда кызматкерлердин коопсуз эмгек шарттарына болгон укуктарын бекемдөө, иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү жана эмгек коопсуздугу боюнча көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгын айтты.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар мыйзам долбоорун мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштарды беришти. Федерациянын өкүлдөрү эмгек коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарды эске алуу жана заманбап ыкмаларды киргизүү маанилүү экенин белгилешти.
Бул талкуу эмгекчилердин укуктарын коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү багытында маанилүү кадам болуп саналат.


