Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын кызматкерлери саламаттык сактоо тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган адистештирилген окутуу семинарына катышты.
Иш-чара Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан уюштурулуп, «Медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүнө жасалма интеллект инструменттерин киргизүү» аттуу темада өткөрүлдү.
Семинардын негизги максаты – саламаттык сактоо уюмдарынын ишине заманбап санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу боюнча адистердин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Катышуучулар медициналык маалыматтарды талдоо, электрондук документ жүгүртүү, бейтаптар менен иштөө процесстерин оптималдаштыруу жана башкаруу чечимдерин кабыл алууда жасалма интеллектти пайдалануу жолдору тууралуу кеңири маалымат алышты.
Окутуу тренинги AQNIET – Казакстандын саламаттык сактоо жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин тармактык кесиптик бирлигинин академиясынан келген тажрыйбалуу тренердин катышуусунда өткөрүлдү. Эл аралык тажрыйба менен бөлүшүү семинардын мазмунун байытып, катышуучулар үчүн практикалык мааниге ээ болду.
Семинардын жүрүшүндө практикалык тапшырмалар, талкуулар жана кейс-стади форматындагы иштер уюштурулуп, катышуучулар өз уюмдарында жасалма интеллект инструменттерин киргизүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышты.
Мындай иш-чаралар тармактык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, медициналык мекемелердин ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.






