Бүгүн Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын кызматкерлери үчүн профсоюздук ишмердүүлүккө жасалма интеллектти (ЖИ) киргизүү боюнча кеңейтилген окутуучу семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Федерациянын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу катышып, семинардын ачылышында сөз сүйлөдү.
Төрага өз сөзүндө санариптик доордо кесиптик бирликтердин ролу өзгөрүп жатканын белгилеп, заманбап технологияларды өздөштүрүү убакыт талабы экенин айтты.
Семинарды эл аралык бизнес-тренер, медиатор жана мамлекеттик сектордо жана билим берүү тармагында жасалма интеллектти киргизүү боюнча эксперт Ширин Оразбаева өткөрдү.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар жасалма интеллекттин негизги принциптери, анын мүмкүнчүлүктөрү, документ жүгүртүү, аналитика, кайрылууларды иштеп чыгуу, маалыматтык саясат жана кызматкерлер менен байланышта колдонуу жолдору тууралуу кеңири маалымат алышты.
Ошондой эле практикалык бөлүктө ЖИ куралдарын профсоюздук ишке интеграциялоо, маалыматтарды талдоо аркылуу чечим кабыл алууну жакшыртуу жана ресурстарды үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.



