2026-жылдын 3-мартында Жалпы профсоюздар конфедерациясынын «Эмгек мамилелерин социалдык диалог принциптеринин негизинде жөнгө салуу» аттуу эл аралык билим берүү программасынын алкагында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Эл аралык кызматташтык жана протокол башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Дауталиева «Социалдык диалогду улуттук санариптик экосистемаларга интеграциялоо (Кыргызстандын мисалында)» темасында баяндама жасады.
Иш-чарага ошондой эле ККБФ төрасынын орун басары Ализа Солтонбекова жана Федерациянын кызматкерлери, ошондой эле ал эми КМШ мамлекеттеринин профсоюз өкүлдөрү онлайн форматта катышышты.
Өз сөзүндө Бактыгүл Дауталиева санариптик экономиканын шартында өкмөт, иш берүүчүлөр жана профсоюздар ортосундагы ишенимди бекемдөө зарылдыгын айтты. Кыргыз Республикасынын 2025–2027-жылдарга карата Башкы келишими, жаңы Эмгек кодекси, санариптик жумуштуулук жана электрондук эмгек келишимдери тууралуу да токтолду.
Баяндамада ККБФ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Санарип профсоюз» долбоору, 1229 ыкчам номери, 24/7 режиминде иштеген жасалма интеллект чат-боту, электрондук мүчөлүк системасы жана окутуу борборунун ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.





