Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары Ализа Солтонбекова «7 канал» телеканалындагы берүүгө катышты.
Берүүнүн жүрүшүндө ал Федерация тарабынан гендердик саясатты ишке ашыруу жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.
Эфир учурунда гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү; миграциядагы аялдардын укуктарын коргоо; эмгекчи энелер үчүн түзүлгөн шарттар жана балдары бар аялдар үчүн каралган жеңилдиктер жана башка маселелер көтөрүлдү.
Ошондой эле Ализа Солтонбетова берүүнүн жүрүшүндө аялдар үчүн жумуш ордунда, коомдук жайларда жана медициналык мекемелерде каралган социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер тууралуу маалымат берилди.
Федерация гендердик теңчиликти камсыз кылуу, аялдардын укуктарын коргоо жана алардын коомдогу ролун күчөтүү багытындагы иштерди мындан ары да уланта турганы белгиленди.




