Кыргызстандын эмгекчилеринин укуктарын коргоо жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү багытында маанилүү окуя болду.
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жана Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Европа жана Борбор Азия боюнча бюросунун сектор башчысы Сергеюс Гловацкас эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралар планын расмий түрдө кол коюшту.
Бул документ Кыргызстандагы эмгек мамилелерин өнүктүрүү, кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүү, коопсуз жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү, ошондой эле кесиптик бирликтердин ролун бекемдөө боюнча бир катар конкреттүү иш-чараларды камтыйт.
Федерациянын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу бул келишим Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
«Эл аралык эмгек уюму менен кызматташтык федерация үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул документ аркылуу биз Кыргызстандагы эмгекчилердин укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүп, кесиптик бирликтердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтебиз. Эл аралык тажрыйбаны колдонуу эмгек чөйрөсүндө туруктуу жана адилеттүү шарттарды түзүүгө жардам берет», — деди ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы эмгек рыногунун учурдагы абалын, кызматкерлердин укуктарын коргоо механизмдерин жана социалдык диалогду күчөтүү маселелерин дагы талкуулашты.
Кол коюлган план алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу аркылуу Кыргызстандагы социалдык-эмгек мамилелерин жакшыртууга багытталган. Анын алкагында адистерди даярдоо, кесиптик бирликтердин потенциалын жогорулатуу, социалдык диалогду өнүктүрүү жана эмгек мыйзамдарын ишке ашырууга көмөктөшүү сыяктуу багыттар каралган.


