Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Латвиянын Эркин кесиптик бирликтер союзунун президенти Эгиле Балдзенс менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында эки тарап кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Документ Кыргызстан менен Латвиянын профсоюздарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана тажрыйба алмашууга багытталган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытында системалуу иштерди жүргүзүүдө. Федерация чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктарга укуктук маалымат берүү, мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча эл аралык өнөктөштөр менен активдүү кызматташып келет.
ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу бул кызматташтык кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө биздин федерация эмгек мигранттарынын укуктарын коргоону негизги багыттардын бири катары карап, бул багытта активдүү иш алып барууда. Латвиянын профсоюздары менен кызматташтык биздин жарандардын укуктарын коргоо жана алардын эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деди ал.
Евростаттын маалыматына ылайык, 2026-жылы Латвияда Кыргызстандын 3 000ден ашуун жараны расмий түрдө иш менен камсыз болгон. Кыргызстандыктар негизинен курулуш тармагында, тамак-аш өнөр жайында жана транспорт тармагында иштешет.
Бул жолугушуу жана кол коюлган меморандум Кыргызстан менен Латвиянын профсоюздарынын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.


