КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Эмгек институту ККБФнын облустагы өкүлчүлүктөрү жана эмгек инспекторлору менен бирге республикадагы бардык облустарда 9–11-класстын окуучуларына “Мен өзүмдүн эмгек укуктарымды билем” аттуу маалыматтык-билим берүү форматындагы ачык сабактарды ырааттуу жана жогорку деңгээлде өткөрүп жатышат.
Иш-чаранын башында окуучуларга алардын эмгек укуктары боюнча негизги мыйзамдык нормалар түшүндүрүлдү. Түнкү сменада, дем алыш күндөрү жана кооптуу жумуштарда иштөөгө мыйзам тыюу салганы жана ар бир өспүрүм ишке орношууда сөзсүз эмгек келишими түзүлүшү керек экени так, жеткиликтүү түшүндүрүлдү. Ошондой эле мыйзам бузулган учурда кайда кайрылуу керектиги, эмгек акынын эсептелиши жана коопсуздук эрежелерин сактоонун мааниси боюнча да кеңири маалымат берилди.
Ачык сабактар Кыргызстандын бардык облусунда бирдиктүү интерактивдүү форматта өткөрүлүп, ар бир облустун командасы өз салымын кошуп, окуучуларга эмгек укугу боюнча маанилүү жана практикада керектелүүчү билимдерди жеткирди.
Талас облусунда Бакай-Ата районундагы сабактарды ККБФнын өкүлү А. Айтназаров жана техникалык инспектор Б. Жумабеков өткөрүшүп, окуучулар менен жигердүү талкуу жүргүзүп, алардын суроолоруна кеңири жооп беришти.
Нарын облусунда ачык сабакты облустук өкүл Алымкулов Э. А., укуктук инспектор М. А. Жумаев жана техникалык инспектор мазмундуу жана практикалык форматта өткөрүштү.
Жалал-Абад облусундагы ККБФ өкүлү жана укуктук инспектор Алмазбек Мамаев окуучуларга эмгек укуктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маанилүү маалыматтарды жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен жеткиришти.
Ысык-Көл облусунда ККБФ өкүлү Исакова Г. К. жана укуктук инспектор тарабынан интерактивдүү, кызыктуу форматта уюштурулду.
Ош облусунда федерациянын өкүлү Ысманалиев А.А. техникалык инспектор Ибрагимов О.А. менен биргеликте окуучуларга эмгек укуктары, коопсуздук эрежелери жана мыйзамдагы чектөөлөр боюнча кеңири маалымат берди.
Баткен облусунда ачык сабакты облустун өкүлү Хаит Исраилович жана техникалык инспектор Умаров Абдикутус өткөрүшүп, өспүрүмдөрдүн эмгек коопсуздугу боюнча түшүнүгүн кеңейтти.
Өлкө боюнча жүргүзүлгөн бул ачык сабактар окуучулардын эмгек укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатып, аларды коопсуз, мыйзамдуу жана жоопкерчиликтүү эмгек мамилелерине даярдоодо чоң ролду ойноодо. Долбоор бардык аймактарда жогорку деңгээлде өткөрүлүп, окуучулар жана мугалимдер тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынды.




