Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун башкы директору Адилет Джанузаков менен жолугушуу өткөрдү.
Бул жолугушуу тарыхый мааниге ээ болуп, тараптардын ортосунда мындай форматтагы кызматташтык биринчи жолу ишке ашырылып жатканы белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында туризм тармагын биргелешип өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.
Мурадил Джумадилде уулу өз сөзүндө бул кадам өлкөнүн туристтик потенциалын кеңейтүүдө жаңы этапты ачарын белгиледи.
«Биз эмгек жамааттары үчүн сапаттуу эс алуу шарттарын түзүү, ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү, ошондой эле жаңы туристтик багыттарды түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Азыркы учурда федерация тарабынан санариптештирүү процесси активдүү жүрүүдө, ошонун алкагында сиздердин калкка пайдалуу санарип продукттарыңар менен биргеликте иш алып барсак дегенбиз. Азыркы учурда сиздердин “GoBus” тиркемеси активдүү иштөөдө, биз дагы мобилдик тиркеме иштеп чыгуудабы, жакында бул жаатында дагы иш алып барабыз деген үмүттөбүзз», — деди ал.
Ошондой эле ал ККБФ алдында “Ысык-Көл эл аралык туризм” борбору түзүлгөнүн расмий жарыялады. Аталган борбордун негизги функциялары: эл аралык жана ички туристтерди тартуу үчүн жаңы программаларды иштеп чыгуу; санаторий-курорттук жана эс алуу жайларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; инвестицияларды тартуу жана туристтик долбоорлорду колдоо жана башкалар.
Бул борбор өлкөнүн туристтик тармагында жаңы драйвер болуп, регионалдык жана эл аралык деңгээлдеги кызматташтыкты күчөтүүгө багытталат.



