Бүгүн, 2026-жылдын 13-апрелинде Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Талас шаарында ККБФ 2026-жылдын I кварталы боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Иш-чарага Президентинин Талас облусундагы ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Максат Байджигитов, ККБФ төрагасынын орун басары Ализа Солтонбекова, мүчө уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, аймактык кесиптик союз уюмдарынын жетекчилери жана эмгекчилер катышты.
Өз сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу белгиледи:
«Жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги максаты — кесиптик бирлик кыймылын заманбап, ачык жана натыйжалуу кылуу. Биз эмгекчилер үчүн чыныгы таяныч болуп, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргошубуз керек. Ар бир кесиптик союз мүчөсү Федерация аны коргоп, колдой турганын сезиши зарыл».
Ал федерациянын системасын реформалоонун жүрүшү тууралуу кеңири айтып берип, Федерациянын негизги багыты эмгек укуктарын коргоого, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганын баса белгиледи. Ошондой эле төрага эмгек шарттарын жакшыртууга жана кызматкерлерди колдоого багытталган бир катар социалдык долбоорлор башталганын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эмгекчилер төрагага эмгек акы, эмгекти коргоо, укуктук колдоо жана социалдык кепилдиктерди ишке ашыруу боюнча суроолорду беришти. Бардык суроолорго кеңири жооптор берилди. Айрым маселелер боюнча ККБФ төрагасы Федерациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана облустук өкүлдөргө конкреттүү тапшырмаларды берди.
Сөзүнүн жыйынтыгында төрага, кесиптик бирликтер ачык иштеп, эмгекчилер үчүн жеткиликтүү болгонун белгиледи. Санарип форматка өтүп, анда ар бир кайрылуу катталып, өз убагында жардам көрсөтүлөт. 1229 ишеним телефону жана социалдык тармактар жеткиликтүү. Биздин максат — Федерацияны күчтүү, заманбап жана натыйжалуу уюмга айландыруу, ар бир эмгекчинин кызыкчылыгын коргой алуусу экендигин белгиледи.









