Урматтуу эмгекчилер!
Профсоюздук марафонго каттоо расмий түрдө аяктаганын маалымдайбыз. Бул иш-чара 2026-жылдын 25-апрелинде Ош шаарында өткөрүлөт.
Марафон – бул сергек жашоо образын жайылтуу, кызматкерлердин ынтымагын чыңдоо жана достук мамилелерди өнүктүрүү максатын көздөгөн маанилүү спорттук иш-чара болуп саналат. Каттоодон ийгиликтүү өткөн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз жана алдыдагы марафондо активдүү катышууга чакырабыз.
Ошондой эле, 2026-жылдын 24-апрелинде Ош шаары жана Ош облусу боюнча Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын өкүлчүлүгүндө (дареги: Алымбек Датка көчөсү, 205) старттык номерлерди таратуу жүргүзүлөт.
Иш-чаранын программасы, катышуу тартиби, маршруттар, ошондой эле уюштурууга байланыштуу башка бардык кошумча маалыматтар боюнча өзүнөрдүн профком төрагаларыңыздарга кайрылууңуздарды өтүнөбүз.
Баарыңыздарды марафондо көрүүгө кубанычтабыз!
