Бүгүн Кыргыз авиация институтунда студенттер үчүн жаштардын эмгек укуктарына арналган билим берүү кампаниясы өттү. Иш-чараны ККБФ Жаштар кеңешинин төрагасы Кайрат Тороев өткөрдү.
Жолугушуунун негизги максаты — жаштардын эмгек укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жана студенттерде жумушка орношууда өз укуктары менен милдеттерин түшүнүүнү калыптандыруу болду.
Кампаниянын жүрүшүндө Кайрат Тороев студенттерге эмгек мыйзамдарынын негизги жоболору, жаш кызматкерлердин укуктары, ошондой эле эмгек келишимин түзүүнүн жана мыйзамдуу эмгек шарттарын сактоонун маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.
Өзгөчө көңүл жаштар жумушка орношууда туш болгон реалдуу учурларга бурулду. Спикер өз тажрыйбасынан практикалык мисалдарды келтирип, мындай жагдайларда кандай аракет кылуу керектигин түшүндүрдү.
Иш-чара ачык диалог форматында өттү. Студенттер өз көйгөйлөрү менен бөлүшүп, кызыктырган суроолорун берип, аларга кеңири жооп алышты.
Иш-чаралар биздин өнөктөштөр — DVV International Kyrgyzstan менен биргеликте уюштурулду.




