Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы JIA бизнес-ассоциациясынын аймактык жана тармактык ассоциациялардын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен маанилүү жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу ишкерлер менен кесиптик бирликтердин ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана актуалдуу социалдык-экономикалык маселелерди биргелешип талкуулоого багытталды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Федерациянын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу сөз сүйлөп, уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.
«Бүгүнкү күндө кесиптик бирликтер заман талабына ылайык иш алып барууга тийиш. Биз эмгекчилердин укуктарын коргоо менен катар, санариптик технологияларды кеңири колдонууга өтүп жатабыз. Бул биздин ишибизди ачык, жеткиликтүү жана натыйжалуу кылууга шарт түзөт. Ошондой эле белгилей кетүү маанилүү: эмгек мамилелери — бул бир гана кызматкерлердин укуктары эмес, алардын милдеттери да болуп саналат. Мындан тышкары, иш берүүчүлөрдүн да өз укуктары жана милдеттери бар. Тең салмактуу жана туруктуу өнүгүү үчүн бардык тараптар өз жоопкерчилигин түшүнүп, аткаруусу зарыл. Кесиптик бирликтер кызматкерлерди гана эмес, бизнес өкүлдөрүн жана иш берүүчүлөрдү да колдоого даяр жана конструктивдүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулат», — деп билдирди ал.
Ошондой эле ал Федерация учурда санариптештирүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи. Атап айтканда, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү, мүчөлөр менен онлайн байланыш механизмдерин өнүктүрүү жана маалыматтык системаларды жаңылоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.
Жолугушуунун катышуучулары тарабынан берилген суроолорго төрага кеңири жооп берип, кесиптик бирликтердин келечектеги багыттары тууралуу да ой бөлүштү. Жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда өтүп, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн эмгек жаатында окутуу семинарларды өтүү пландалды.





