Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары Ализа Солтонбекова «Спутник» радиосунун эфиринде уюмдун ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана негизги багыттары тууралуу маалымат берди.
Маектин жүрүшүндө ал Федерация бүгүнкү күндө өзүнүн түзүмүн жаңылоо жана эмгекчилердин укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, негизги максаттардын катарына социалдык өнөктөштүктү чыңдоо, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кызматкерлердин социалдык корголушун жогорулатуу кирет.
Ализа Солтонбекова реформалардын алкагында профсоюздардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына, санариптештирүүгө жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
Сөзүнүн соңунда Ализа Солтонбекова Кыргызстандагы бардык эмгекчилерди 1-Май — Эл аралык эмгек күнү менен куттуктап, ден соолук, бакубат жашоо, туруктуу иш жана келечекке ишеним каалады.


