Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин кезексиз съездине катышты. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар катышышты.
Съезддин жүрүшүндө саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мурдагы төрагасы Султан Абдыкадыров акыркы эки жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берди. Анда медицина кызматкерлеринин эмгек укуктарын коргоо, социалдык кепилдиктерди жакшыртуу жана тармактагы кызматкерлерди колдоо багытында жүргүзүлгөн иштер белгиленди.
Съезддин жыйынтыгында саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жаңы төрагасы болуп Каарманбек Байдавлетов шайланды.
Өз сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу Султан Абдыкадыровдун эмгегине жогорку баа берип, анын жетекчилиги алдында медицина кызматкерлеринин эмгек укуктарын коргоо боюнча чоң иштер аткарылганын белгиледи.
“Султан Абдыкадыров кесиптик бирликтин ишин татыктуу алып барды. Акыркы жылдары медицина кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында көптөгөн маанилүү иштер жасалды. Бул эмгекти өзгөчө белгилеп кетүү керек”, — деди ал.
Ошондой эле Федерациянын төрагасы жаңы шайланган төрага Каарманбек Байдавлетовго ийгиликтерди каалап, саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлер үчүн мындан ары дагы көптөгөн пайдалуу иштер аткарыларына ишеним билдирди.





